Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Майлуу-Суу сотунун имаратын оңдоодо 4 миллион сом уурдалганы аныкталды

0
Майлуу-Суу сотунун имаратын оңдоодо 4 миллион сом уурдалганы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун имаратын оңдоого бөлүнгөн каражаттардын 4 миллион сому бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул фактыга байланыштуу Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкерлер курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Майлуу-Суу шаардык сотунун имаратын оңдоо боюнча жең ичинен келишим түзгөнү такталган. Алар аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, кеп болгон каражатты өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алган.

Соттун имаратын оңдоо иштерине жалпы канча сумма каралганы атайын кызматтын маалыматында так көрсөтүлгөн эмес.

Кармалган кызматкерлери атайын УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *