Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык кармоого тыюу салуу демилгеленди
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балыктын өндүрүштүк, баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатууга жана чыгарып кетүүгө тыюу салуу демилгеленди.
Президенттин тийиштүү жарлыгынын долбоору Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Маалыматка караганда, жарлык көлдөрдөгү балыктын жок болуп бараткан түрлөрүн калыбына келтирүү максатында иштелип чыкты.
Тыюу салуу менен маселе чечилбестиги, ушул тармакты жөнгө салып, саясатын жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, кошумча каражат бөлүү зарылдыгы да айтылган.
Жарлыктын долбоорунда тыюу салуу эрежелерин бузгандарга акчалай айып салуу жана түшкөн каражаттын 30 пайызын тиешелүү мамлекеттик органда калтыруу сунушталган.
Соңку жылдарда Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө, Токтогул суу сактагычына балык департаменти тарабынан чабак коё берилип келет. Бирок, ошол эле маалда мыйзамсыз балык кармоо тыйыла элек.
14-июнда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары быйыл төрт айда Ысык-Көлдөн 96 миң метрге жакын тор жана алты тоннага чукул таштанды чыгарганын айткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү таштандыдан жана балыкты мыйзамсыз уулаган тордон тазалоо иштерин март айынан тарта баштаган.
1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак. Ал 2001-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна кирген.