Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Эмомали Рахмон ажылыкка улам бара бергендерди сындады

0
Эмомали Рахмон ажылыкка улам бара бергендерди сындады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон улам ажылыкка баргандарды сынга алды. 27-июндун кечинде Курман айтка байланыштуу куттуктоосунда Рахмон айрым жарандар ыйык жайларга зыярат кылууну "үй-бүлөлүк жарышка айлантып жатканына" тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, кээ бирөөлөр жашоо-турмушу жакшы болбосо да Меккеге зыяратка барып жатат.

Дин иштери боюнча комитеттин маалыматына ылайык, Тажикстанда 200 миңдей киши ажылыкка барып келген. Жыл сайын төрт миңдей адам Сауд Арабиясына зыяратка барышат.

Тажик бийлиги жарандарды ажылыкка деген акчаны кайрымдуулукка, анын ичинде мектеп, көпүрө жана башка объектилердин курулушуна коротууга чакырып келет.

Рахмон Меккеге улам баргандарды сындаганы менен өзү төрт жолу ажылыкка барып, эки жолу Каабага кирип чыккан. Бул тууралуу анын пресс-кызматы июнь айынын башында Тажикстандагы эң ири мечиттин ачылышында билдирген.

Тажикстандык айрым эксперттер өкмөт жарандардын акчасы менен өзүнүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү көздөп жатканын сынга алып, ким канча жолу ажылыкка барып, канча акча короторуна мамлекет кийлигишпеши керектигин айтып келишет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *