Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Мадонна ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге жылдырды

0
Мадонна ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге жылдырды

Америкалык ырчы Мадонна кооптуу бактериялык инфекция менен ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу менеджери Гай Осири Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан 64 жаштагы ырчынын абалы жакшырып баратат, бирок дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал гастроль качан болору тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Page Six порталы жазгандай, Мадонна эс-учун жоготкон абалда 24-июнда Нью-Йорктогу ооруканага жеткирилген.

65 жаштагы Мадоннанын музыкалык карьерасынын 40 жылдыгына арналган дүйнөлүк турне 15-июлда Ванкуверде башталып, Канада, АКШ жана Европанын 35 шаарында 84 концертти камтышы керек эле. Гастролду 2024-жылдын январында аяктоо пландалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *