Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен "Хакер" журналынын мурдагы башкы редактору кармалды

0
Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен

Казакстанда АКШнын өтүнүчү менен Орусиянын жараны, "Хакер"  журналынын мурдагы башкы редактору жана F.A.C.C.T. компаниясынын топ-менеджери Никита Кислицын кармалды.

Ал 22-июнда кармалган, бирок орусиялык маалымат каражаттары бул туууралуу 28-июнда жазышты.

F.A.C.C.T. казак бийлиги АКШга экстрадициялоонун негиздерин изилдеп жатканын белгиледи.

Компания Кислицынга коюлган дооматтар 10 жыл мурдагы окуяларга байланыштуу экенин жана Казакстанда аны камоого мыйзамдуу негиздер жоктугун белгиледи.

Орусиянын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандан Кислицынды Вашингтонго тез арада экстрадициялоодон баш тартууну суранды.

Орусияда Кислицын маалыматты мыйзамсыз алуу фактысы менен сыртынан камакка алынган.

2014-жылы АКШнын Юстиция министрлиги Никита Кислицинди 2012-жылы Formspring соцтармагынан уурдалган маалыматтарды сатуу боюнча кутум уюштурган деп айыптаган. Айыптар 2020-жылы ачыкка чыккан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *