Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Түмөнбаев "Азаттыктын" жабылышын колдобой турганын билдирди

0

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев “Азаттыктын” жабылышын колдобой турганын билдирди. Ал “Азаттыкка” курган маегинде медиа мекеменин журналисттерин сыйлай турганын, бул маселеге чек арадагы чырга байланыштуу материалдан улам көңүл бурулганын айтты. Ал өзүнүн пикирин президент Садыр Жапаровго айтканын белгиледи.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган. Мындан соң "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канаттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

"Азаттык Медиа" Маданият министрлигинин дооматы негизсиз экенин, сөз болуп жаткан журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин белгилеп келет.

"Азаттык" туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдик баш болгон бир нече өлкөнүн элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин аракетине чочулоосун билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *