Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

"Нукуста элди аткандар жазасыз калышты"

0

Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы кандуу окуяга бир жыл толду.

Өзбек бийлиги 2022-жылдын 1-2-июлундагы нааразылык акциясында 21 адам каза тапканын, 243ү жараат алганын билдирген. Көз карандысыз иликтөөчүлөр 55тен 77ге чейин киши өлгөн деп эсептешет. Укук коргоо органдары 500дөн ашуун адамды кармап, айрымдары бошотулган. Ондогон жаран соттолду.

Freedom for Eurasia уюмунун Нукус окуялары боюнча көз каранды эмес иликтөөсүнө катышып жаткан казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуов "Азаттык" менен пикир бөлүштү.

- Нукуста 2022-жылдын 1-2-июлунда болгон окуяларды Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек бийлиги канчалык калыс иликтеди? Сот иштери канчалык калыс жүрдү деп ойлойсуз?

- Биз Нукуста маалыматтарды чогултуп иштегенде, 55тен ашуун кишинин курман болгонун аныктаганбыз. Алардын аты-жөнүн, тек-жайын тактаганбыз. Муну тастыктаган документтер да бар. Эл арасында сурамжылоо кылып, ок атылган жерлерде, мүрзөлөрдө иликтөө жүргүзгөнбүз. Үймө-үй кыдырып, телефон чалуулар аркылуу да маалымат чогултканбыз. Бул өтө татаал жараян болгон. Анткени, Өзбекстандагы уюлдук операторлордун Сим-карталарын колдонгонубузда, бийлик органдары артыбыздан аңдып жатканын байкаганбыз. Ошондуктан, адамдар менен жеке сүйлөшүүлөрдү азайтып, жумушту социалдык түйүндөр аркылуу жүргүздүк.

Мен 55тен ашуун кишинин курман болгонун тактадык дебедимби. Тагыраагы 55-57 киши. Себеби, бизде аты аныкталган, бирок фамилиясы аныкталбагандар да бар. Качан, кай жерине ок тийгенин, кандайча каза тапканын аныктаганбыз.

Ошол эле учурда ооруканадан алынган маалыматтарда 77 киши өлгөнү тууралуу да айтылган. Оорукананын чукул жардам берүү бөлүмүнөн башында ушундай маалымат берилген, анткени оор жарадарларды, өлгөндөрдү ошол жакка жеткиришкен. Нааразылык акциялары Нукустун борборунан тышкары, айыл жерлеринде, райондордо да болгон. Муну тастыктаган бир канча маалыматтар бар. Каза тапкандардын жалпы санын аныктоо азыркыга чейин мүмкүн эмес. Дагы эле иликтеп жатабыз. Мага Өзбекстанга кирүүгө тыюу салып коюшту. Нукуска барып, ишимди улантканга мүмкүнчүлүк жок.

- Өзүңүз айтып өткөндөй, сизге жакында Өзбекстанга киргенге уруксат берилбеди. Тагыраагы 22-майда Бишкек аркылуу Ташкентке учам дегениңизде сизди рейске кабыл алышпады. Каракалпакстан окуясын иликтөөгө катышууга бул жагдай тоскоолдук жаратса керек?

- Ооба, мен анда Ташкентке Даулетмурат Тажимуратовдун сотуна катышуу үчүн барышым керек эле. Ал Каракалпакстандагы окуяларда лидер болгон. Аны камакка алышканда көптөгөн киши нааразылыкка чыгып, боштондук талап кылышкан. Тажимуратов элди ошол жылдын 5-июлунда тынчтык митингине чыгууга чакырган. Ал чакырыкта эч кандай мыйзамсыздык болгон эмес. Анын кармалышы нааразылыктарга себеп болду. Тажимуратовдун сотуна катышуу, сүйлөө жана баа берүү мен үчүн маанилүү эле. Бирок менин сүйлөгөнүмдү каалашпады. Бийлик мени кайрадан Нукуска барып, иликтөөнү улантат деп чочулаган өңдүү.

- Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн айта кетели, сиз Freedom for Eurasia уюмунун Нукус окуялары боюнча көз каранды эмес иликтөөсүнө катышып жатасыз. Сизден башка дагы кимдер бар ал курамда? Өзбекстандыктар барбы?

- Өзбекстандан эч ким жок. Кыргызстандан укук коргоочу Дмитрий Кабак бар. Ал Өзбекстанга кире алат, мага уруксат жок.

- Нукустагы окуялардан бери бир жыл өттү. Сиздин оюңузча, өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары эмнелер жөнүндө айткан жок?

- Өзбекстандык айрым маалымат каражаттары баштаган ишин улантышы керек эле. Буга gazeta.uz басылмасынын ишин мисал келтирсек болот. Алар Каракалпакстандагы акциялардын экинчи күнүндө 77 киши өлгөнүн жазышкан. Ушул багытта иликтөөсүн улантышы зарыл эле. Өзбекстандык журналисттер окуя болгон жерге барып, маалыматтарды чогултуп, эл менен сүйлөшүп, хронология түзүшү керек болчу. Журналисттерге үстүнөн буйрук берилгенби, басым болгонбу, айтор дээрлик эч ким бул теманы керектүү деңгээлде чагылдырбады. Журналисттик иликтөө жасалбады. Балким бардыр, бирок биз көрө элекпиз. Жигердүүлүк көрсөткөн, маалыматтарды так жана калыс берген медианы байкабадык. Айрым гана басылмалар жазышты. Блогерлер көбүрөөк көңүл бургандай. Социалдык түйүндөрдө, Телеграм-каналдарда бул тема аябай талкууланды. Бирок анын коомчулукка таасири сезилбеди. Тилекке каршы адамдарды аткандарды жоопко тартууну талап кылгандарды көрө элекпиз. Жарандарды өлтүрүүгө, элге граната атууга ким буйрук берди? Ал кишилер сот жараянында болгон жок. Алар соттолбоду, жазасыз калышты.

- Каракалпакстан окуясына байланыштуу ондогон адам соттолду. Ошол соттолуучулар менен сүйлөшүүгө сизде мүмкүнчүлүк болдубу?

- Шарттуу түрдө кесилгендер бул жаатта дээрлик сүйлөбөйт. Себеби, алар эч кимге эч кандай маалымат бербөө шарты менен эркиндикке чыккан. Кандай шартта кармалып, канда шартта камакта жатканын айтышпайт. Бирок туугандары журналисттер, укук коргоочулар сот жараяндарына катышуусу керектигин билдирип жүрүшкөн. Шарттуу кесилгендер же эркиндикке чыккандар өздөрү сүйлөсө, ал жактагы режим аларды кайрадан камакка алышы мүмкүн. Бул жагдай эл аралык миссиялардын өкүлдөрү Өзбекстанга келгенде да даана көрүндү. Мамлекеттик органдар жарандарга жардам берүү ордуна, басым кылат. 

- Каракалпак окуясынын артында үчунчү күчтөр бар экени, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турганы да айтылган. Бул канчалык негиздүү? Чын эле үчүнчү күчтөрдүн колу барбы?

- Жок.Биз кайсы бир үчүнчү күчтөрдүн катышуусун байкаган жокпуз. Адамдар болуп жаткан окуяларга реакция гана жасаган. Даулетмурат Тажимуратовдун кармалышына каршы болгондор "Эркиндик" деген ураандарды көтөрүп чыгышкан.

- Өзбек бийлиги Каракалпакстан окуяларын иликтөөдө эл аралык коомчулуктун талаптарына канчалык көңүл бурду?

- Тилекке каршы, жакшы көңүл бурулган жок. Олий Мажлистин алдындагы Адам укуктары комиссиясынын корутундусу коомчулукка жарыяланат деп эл аралык уюмдар менен макулдашуу болгон. Бирок ал аткарылбады. Өзбек бийлиги убадасын аткарбады. Элди атуу, кыйноого алуу жагдайлары көтөрүлбөй, жыйынтык чыгарылбай калды.

- Каракалпакстан окуясынын өзбек бийлигине сабагы кандай болот?

- Эң негизги сабак - Өзбекстандагы адам укугун коргоочулар жамааты, жарандык коом жана журналисттер бирдиктүү деңгээлде дыкаттык менен иликтөөлөрдү жүргүзүшү зарыл эле. Өзбекстанда өзбек коомчулугу өзүнчө, каракалпак эли өзүнчө жашап жаткандай болбошу керек. Былтыр жаңылоо сунушталган Конституцияда Каракалпак жумуриятына байланыштуу беренелерди өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө өзбек коомчулугунда буга дээрлик эч кандай сын-пикир айтылган эмес. Адамдарды укугу тууралуу маселени көтөрүү ордуна сепаратизмге айыптаган билдирүүлөр көбөйүп кетти. Бул туура эмес. Өзбек коомчулугу Анжиян окуясын баштан өткөргөн. Ошол окуянын сабагы Каракалпакстандагы окуялардын болушуна жол бербеши керек эле. Жарандык коом буга жол бербеши керек эле жана калыс иликтөө жүргүзүлүшү кажет болчу.

Редакциядан: Өзбекстанда былтыр Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

АКШ, Евробиримдик, БУУ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык, ар тараптуу жана айкын иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.

Соттук териштирүүнүн биринчи инстанциясы Бухарада өтүп, 2023-жылдын январында 22 адамга өкүм чыккан. Анда Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

Мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

Июнда Өзбекстандын Жогорку соту сегиз кишини шарттуу түрдө бошотту, алты кишинин камак мөөнөтү кыскартылды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *