Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Ислам дүйнөсү Швецияда Куран китебин өрттөгөн окуяны айыптады

0
Ислам дүйнөсү Швецияда Куран китебин өрттөгөн окуяны айыптады

Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана Ислам дүйнөсүнүн башка өлкөлөрү Швецияда мусулмандардын ыйык Куран китебин маскаралаган окуяны айыпташты.

28-июнда Ислам дүйнөсү Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган.

Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Салван Момика CNN телеканалына берген маегинде, Швецияга беш жыл мурун Ирактан келгенин жана швед жарандыгы бар экенин айтты. Ал өзүн атеист экенин билдирип, "Куран китеби демократияга жана адам укуктарына дал келбей турганын", ошондуктан бул акцияны уюштурганын кошумчалады.

Ирак бийлигинин билдирүүсүндө "ыйык китепти шылдыңдоочу мындай көрүнүштөр Швецияда бир нече жолу кайталанып, ар бир жолу экстремисттик көз караштагы жана психикасы жайында эмес кишилер жасап жатканы" белгиленди.

Тегеран Курандын өрттөлүшүн "жаман кесепеттерге жетелеген кабыл алынгыс кутум" деп атады.

Марокко бийлиги Швециядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды жана Стокгольмдун Рабаттагы элчиси менен сүйлөшүү жүргүздү.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан бул акцияны “жийиркеничтүү” деп, сөз эркиндигин шылтоолоп, исламга каршы аракеттерге жол берилбестиги керектигин билдирди.

Январь айында даниялык-швециялык ашынган оңчул активист Расмус Палудан Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. Андан кийин Анкара Швециянын НАТОго кирүү арызын жактырбай турганын жарыялаган. Бир канча убакыттан кийин эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрү уланды, бирок Швеция Түркиянын биримдикке кирүүсүнө уруксат ала элек.

Апрель айынын башында Админстративдик сот Швециянын Тышкы иштер министрлигинин Куранды өрттөгөн демонстрацияларга койгон тыюусун алып салган. Сот муну өлкөдө жыйын куруу жана демонстрацияга чыгуу эркиндиги Конституцияда корголгону менен түшүндүргөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *