Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Күрөштөн Олимпиадага лицензиялык мелдеш Бишкекте өтөт

0
Күрөштөн Олимпиадага лицензиялык мелдеш Бишкекте өтөт

Эл аралык күрөш уюму (UWW) 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берген мелдештердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык Азия чөлкөмү боюнча лицензиялык мелдеш Бишкек шаарында өтөт. Буга удаа эле Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болот.

Бул Кыргызстанда өтө турган алгачкы лицензиялык мелдеш болмокчу. Спорттук иш-чара качан өтөрү азырынча белгисиз. Адатта күрөш боюнча континенталдык лицензиялык мелдештер Олимпиада өтө турган жылы жаз мезгилинде өтөт.

Париж Олимпиадасына жолдомо берген калган үч континенталдык мелдеш -  Мексикада (Панамерика өлкөлөрү үчүн), Египетте (Африка жана Океания чөлкөмү үчүн )жана Азербайжанда (Европа өлкөлөрү үчүн) өтөт. Ар бир мелдеште 36 жолдомо ойнотулат.

Быйыл Кыргызстандын күрөш федерациясы Бишкекте үч эл аралык мелдешти өткөрдү - Чоңдор арасында Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеш, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионаты. Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев аталган турнирлер лицензиялык мелдешке даярдык катары өткөрүлгөнүн билдирген.

Олимпиадага жолдомо бере турган мелдештердин алгачкысы быйыл сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтө турган чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионаты. Анда 90 лицензия ойнотулат. Мелдеште Олимпиадалык салмак категорияларынын (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш жана грек-рим күрөшүнөн алтыдан салмакта) ар бирине бештен жолдомо берилет.

Ал эми жыйынтыктоочу дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Стамбул шаарында өтөт. Анда Париж жайкы Олимпиада оюндарына күрөштөн 54 жолдомо ойнотулат. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *