Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Июнь айында абактарда үч жаран каза болду

0
Июнь айында абактарда үч жаран каза болду

Июнь айында Кыргызстандын түзөтүүчү колонияларында соттолгон үч жаран кайтыш болду. Мындай маалыматты Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ырастады.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү №27 түзөтүү колониясында К. у М. өз өмүрүн кыйган. 24-июнда №31 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан Т. Т. аттуу жаран боор циррозу илдетинен улам каза тапкан. Андан үч күн өтпөй, 27-июнда №3 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан А.А. аттуу жаран жүрөгү токтоп калган.

Бул тууралуу расмий мекемелерден комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзөтүүчү мекемелерде соттолгондордун саламаттыгына кам көрүүнүн сапаты начар экенин белгилейт.  №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон жарандын абалы оорлошуп баратканына карабай мекеме аны абактан шарттуу түрдө чыгарган эмес.

“Ачыгын айтканда, ал жаран ден соолугуна байланыштуу кайтыш болорун медицина кызматкерлери алдын ала билишкен. Бирок, ал кишинин диагнозу Министрлер кабинети бекитип берген оорулардын тизмесине кирбей калган. Анын илдети боор циррозунун 2-стадиясы болчу, тизмеге 3-4-стадиясы гана киргизилген. Ошентип, ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган жок. Ушул жерде орчундуу маселелер бар”, - деп жазылган маалыматта. 

Мекеме жабык жайлардагы жарандардын саламаттыгы начарлаган маалда өз учурунда тиешелүү медициналык жардам бербөө кыйноонун түрүнө кирерин кошумчалаган. Соттолгон жаран шайлоо, шайлануу жана ээн-эркин жүрүү укугунан четтетилет. Калган укуктары сакталышы керек. 

Борбордун маалыматы боюнча, 2019-2021-жылдары Кыргызстандын жабык жайларында 151 адам каза болгон. Алардын өлүмүнө себеп катары төмөнкүлөр белгиленген:

41и (28%) – жүрөк-кан тамыр илдеттери;

25 (17%) – “башка илдеттер” (мекеменин жообунда кайсы илдеттер экендиги так көрсөтүлгөн эмес);

19у (13%) – COVID-19 жана пневмония;

11и (8%) – боор циррозу жана башка илдеттер;

Сегизи (6%) – АИВ (ВИЧ)-инфекция;

Жетөө (5%) – ар кандай этиологиядан алган жарааттар;

Бешөө (4%) – инсульт.

Мындан башка камактагы эки киши маңзатка ууланып каза тапкан.  2020-жылы бир киши кыйноого кабылып каза тапкан деген божомол бар. 

Тиешелүү мекемелер борбордун маалыматына комментарий бере элек. (KbA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *