Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Франциядагы нааразылык акциясы Бельгияга да жайылды

0
Франциядагы нааразылык акциясы Бельгияга да жайылды

Франциянын шаарларындагы башаламандыкта 400дөн ашуун адам кармалды. Алардын 300дөн көбү Парижде жана анын айланасында кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, Le Figaro басылмасы жазды.

Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн.

Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары аны аткан 38 жаштагы полиция кызматкери камакка алынганын кабарлашты.

Бейшемби күнү кечинде Наэл туулуп-өскөн Нантерде миңдеген демонстранттар полиция кызматкеринин жазаланышын талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты. Бирок ал митинг тополоңго айланып, полиция менен кагылышуу болду. Нааразылыктар Франциянын бир нече шаарларынан тышкары, Бельгияга да жайылды. Брюсселде 15 киши камакка алынды.

Президент Эммануэл Макрон кейип турганын айтып, зордук-зомбулукту токтотууга жана “адилеттик жеңип чыгышы үчүн” элди сабырдуулукка чакырды. Ал ошондой эле окуяны тез арада иликтөөнү талап кылды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *