Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Казакстанда активист Жанболат Мамайга чыккан сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды

0
Казакстанда активист Жанболат Мамайга чыккан сот өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды

Алматынын апелляциялык соту каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери Жанболат Мамайга чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын жубайы Инга Иманбай Facebook баракчасына жазды.

"Жанболаттын изоляцияда отурганына бүгүн 499 күн болду. Биз күрөштү улантабыз. Эми Жогорку сотко, андан ары БУУнун комитетине кайрылабыз", – деди Иманбай.

10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы "жапырт башаламандыктар" иши боюнча күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө алты жылга эркинен ажыратып, пробациялык көзөмөл орноткон. Мындан тышкары ага бул аралыкта коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынган.

Мамай айыптоону четке кагып, өкүм боюнча жогорку баскычка апелляциялык арыз менен кайрылган.

"Казакстандын демократиялык партиясын" каттоодон өткөрүүгө аракет көрүп келген Жанболат Мамай 2022-жылы февралда 15 суткага камакка алынган. Бул мөөнөтү аяктагандан кийин ага "жалган маалымат таратуу" жана "бийлик өкүлүн кемсинтүү" айыптары тагылып, тергөө абагына которулган. Июнда ага Январь окуялары маалында Алматыда "жапырт башаламандык уюштуруу" боюнча дагы бир айып тагылганы белгилүү болгон. Мамай бул айыптоолордун баарын четке каккан. Ноябрь айында ал үй камагына чыгарылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *