Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

"Асман" шаары: Элдин күткөнү эмне?

0

Ысык-Көлдө 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда. УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат. Расмий маалымат боюнча, көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан жана экологиялык таза калаа болот. "Азаттыктын" кабарчысы иш-чаранын алдында шаар курула турган аймакты көрүп келди.

Курулушка капсула салынды

Долбоордун курулушуна президент Жапаров капсула салып, расмий түрдө башталды.

“Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун иш-чарада AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал “Асман” туруктуулуктун, ыңгайлуулуктун жана келечектин шаары болорун белгиледи.

Долбоор боюнча шаар “акылдуу шаар, соода-сатык, спорт жана көңүл ачуу” багытында төрт бөлүккө бөлүнөт. Шаарда жогорку ылдамдыктагы поезд жүрөт, электрмобилдерди кубаттоочу жайлар менен жабдылат. Эл аралык дэңгээлдеги көп тилкелүү аба майданы курулат. Жети жылдыздуу мейманканалар жана көңүл ачуучу казинолор болот.

Түз эфирде айтылгандай, шаардын башкы планын баш кеңсеси Дубай шаарында жайгашкан Artek Group архитектуралык компаниясы иштеп чыккан.

Президент Жапаров курулушка капсула салардан мурун сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты.

“Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз бул шаарды Баткенде салбайт белеңер деп, баарын эле Ысык-Көлгө сала бересиңерби деп доомат айтышууда. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, бул шаарды Баткенге салдырмакмын. Инвесторлор да өзүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси кайсы жерге салынбасын бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган локомотив-шаар болот. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашканы менен, пайдасы республикалык бюджетке түшүп, 30 жылдан бери ар бир жаран үчүн пайдаланылып келет. Ошол сыяктуу бул шаар да бардык кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет”.

Мындан тышкары Садыр Жапаров учурунда заманбап "Асман" шаарын салууга ишендебегендер болгонун айтып, дымактуу пландарды сындагандар менен катар, аны колдоп-коштогондор да бар экенине токтолду.

“Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, акылдуу шаар курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле деп, “кедейчилик синдромунан” чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, бийликтегилер куру кыял кылып жатышат деген шашылыш бүтүм чыгарышты. Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчиси – чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып кетти. Муну биз ачык-айкын талкуу жарата алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары да бааласак болот. Бул арада – бир жарым жылдан бери – акылдуу шаардын бир нече долбоорлору даярдалды.”

Иш-чарада долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен акча сарпталбайт деп белгиленди. 

"Асман" кайсы жерге курулат?

Жаңы шаар курулат деген жердин жалпы аянты 4015 гектар. Бишкектен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан жер көлдүн жээгин, тоо этектеген жайытты жана алма-өрүк өстүрүлүп, өздөштүрүлгөн жерлерди камтыйт. Азыр 3300 гектарга чукул жер боюнча маселе чечилип, курулуш жүргүзүү үчүн трансформация болгону расмий жарыяланды.

"Асман" шаарын кура турган курулушчулар үчүн жатакананын курулушун бүтүп калганын Module House ишканасынын өкүлү Алексей Богатиков айтып берди:

"18 күндөн бери курулуш иштерин жүргүзүп атабыз. Пайдубалы куюлуп, дубалы тургузулду да, чатыры жабылып калды. Эми ички жасалгалоо иштери калды, ага эки апталык убактыбыз кетет. Бул жатакана 500 кишиге ылайыкташкан жана кышы-жайы жашай берсе болот. Ичинде таза суу, даараткана каралган. Алгачкы долбоорго ылайык имарат эки кабаттан турмак, бирок кийин өзгөртүлүп, узуну 96, туурасы 15 метр болуп атат. Азыр 50 киши иштеп атат, 30-июнга чейин иштерди толук бүтүрөбүз деп турабыз".

2021-жылдын сентябрь айында өкмөт "Асман" шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Ушул жазда жаңы шаардын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Курулушка катыша турган инвесторлор

Азырынча курулушту каржылай турган компания ачык айтыла элек. Мамлекеттик "Кабар" агенттигинин директору Медер Шерматалиев "Асманды" курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар салууга даяр болгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды. Мындан сырткары араб өлкөлөрүнөн, Индиядан, Жапония, Гонконг жана Нидерланддан инвесторлор катышары мүмкүн экени айтылууда.

Медер Шерматалиев айтып жаткан корей компаниясы былтыр декабрь айында Кыргызстанга келип кеткен. 12 компания кирген Promise Land холдингинин өкүлдөрү анда Ысык-Көлгө атайы келип, шаар курулчу жерди көргөн. Бул инвесторлордун Кореяда ар бири 1,5 миң гектардан турган үч жерге жаңы шаарларды курган тажрыйбасы бар экени, аларды кыргыз тараптын өкүлдөрү да көрүп келгени айтылган. “Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция аталган холдинг менен келишим түзгөн. Кореялык инвесторлор "Асман" шаарынын курулушуна 10 миллиард доллар салат деген маалымат жарыяланган.

Promise Land менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн кыргызстандык "Мост плюс" компаниясынын жетекчиси Жеңиш Качикеев кореялык инвесторлор 15-июлда келе турганын айтты:

"10 миллиард долларга жакын акча салынат. Шаар көлдү булгайт деген жалган сөз, себеби түтүн чыкпайт, таштанды кайра иштетилет. 1,5 гектарга 100 миң киши жашап, анда бардык социалдык жайлар каралат. Андан сырткары электр жабдыктарды чыгарган завод, тигүү цехтери, айтор мунун баары элдин өзүн иш менен камсыз кылууга жетет. Биздин инвесторлор 15-июлда келет. Эртең капсула салынганы атат, аны индустар салат деп уктук. Эгер алар төрт миң гектардын баарына үй салабыз десе, биз башка жерге кетишибиз мүмкүн. Мисалы президент Жапаров Түптө да 1,5 миң гектар жер бар деп атат, ошол жерге барып, иштесек болот. Бирок азырынча шаарды куруу боюнча долбоорубуз даяр эмес. Жер боюнча шаарды куруу дирекция менен мындай эле келишим бар".

“Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Руслан Акматалиевдин билдиргенине караганда, дүйнөнүн он архитектуралык компаниясына кат жөнөтүлүп, анын алтоо жооп берген. Алардын бири жапониянын Nikken Sekkei деп аталган компания 2019-жылы архитектуралык тажрыйбасы мол дүйнөдөгү компаниялардын арасында экинчи орунду ээлеген. Руслан Акматалиев азыр да куруучу компанияларды тандоо уланып жатканын маалымдады.

"Жапонияны жөн жерден тандаган жокпуз. Себеби бул өлкөдө абдан көп жер титирөөлөр болуп турат. Бирок ага карабастан компания салган үйлөр козголбой, ошо бойдон элдин колдонуусунда. Ошондуктан азыр Nikken Sekkei менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Макулдашуу болуп калса келишимге кол коюлат. "Асман" экологиялык шаар болуп, электрмобилдер жүрөт. Медицина туризми, спорт жана билим берүүгө басым жасалат. Бул шаар бүтүндөй Кыргызстанды алдыга сүрөйт".

Өкмөт шаардын курулуш иштерине тартылгандардын 60-70% кыргызстандыктар болот деп айтууда. Мындан сырткары, курулган үйлөрдүн 10% кыргыз тарапка берилип, ал элге ипотекалык негизде берилет деп божомолдонуп атканын Руслан Акматалиев кошумчалады. Анын эсебинде, инвесторлор салып, саткан үйлөрдүн 5% кирешеси Кыргызстандын бюджетине түшөт.

Жаңы шаар жарым миллион кишиге ылайыкташары айтылууда. Курулушту толук бүтүрүүгө алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталышы ыктымал. Шаардан ар бир каалоочу турак жай сатып алса болот.

Өздөштүрүлгөн жер ээлеринин санаасы

Шаар салынат дегенден бери жергиликтүүлөр менен бир нече жолу чогулуштар өткөн. Маселен мындагы төрт миң гектардын 800 гектары элдин колунда болгондуктан, трансформация иштери жүргүзүлө элек.

Чырпыкты айылынын тургуну Бактыбек Уралиев Көл жээгинин тегереги да жаңы шаар түшчү аймакка кирери айтылганын билдирди.

"Бакиевдин убагында кагыраган жерлерди 10 жылдын ичинде өздөштүрсөңөр кызыл китеп берилет деп чыкпады беле. Мен бул жерди ошол учурда алгам. Анан ошону өздөштүрүп алдык мына. Былтыр күздөн бери эле сөз болуп атат, ушу биз иштеткен жерлер "Асман" шаарын курууга кетет деп. Негизи түшүм алыш үчүн беш жыл алдын ала жер семирткич беришим керек эле. Бирок жерлер алынат деп уккандан бери токтоп калдым, андан ары иштегим да келбей калды. Айыл четинде 30 тоннадай биогумус да өндүргөм, анын 20-30% сээп койгом, анан токтоп калдым. Бирок сугарып атабыз. Быйыл гүлдөп, жакшы баштаган, 12-майда үшүк алып кетти. Аябай чоң эмгегибиз кетти. Асман шаары курулса биздин жерибизге да цивилизация келип, жашоо оңолобу деп атабыз. жерди бербейбиз дегенден алыспыз, мээнетибизди кайтарып берсе болду. Айыл эли да жакшы маанайда. Экологиялык нормалар сакталып, көгүлтүр көлүбүз таза бойдон сакталып калса экен деп тилеп турабыз".

Ушул эле айылдын тургуну Таалай Конокбаевдин да өрүк багы "Асман" шаары курулат деген 4015 гектардын ичине кирип калган. Чоң жолдун боюндагы беш гектар жерди ал 13 жыл мурун алган. Кайракы жерди өздөштүрүү үчүн ал 100 метрден ашык тереңдиктен суу чыгарып, электр энергиясын тартып келген.

"Кагыраган талааны жашылдандыруу өтө кыйын экен. Баары таш басып жаткан жер эле. Суу, жарык деген нерсе жок болчу. Биз насыя алып, ушул жерди иштеткенге аракет кылдык. 1,5 миллион сомдой каражат кетти, андан сырткары көзгө көрүнбөгөн чыгымдар толтура болду. Бизге март айында айтылган шаар курулат деп. Биякта азыр өздөштүрүүгө алынган жана токой чарбанын жери бар. Андан сырткары мал сарайлар бар. Азыр маселе бүдөмүк болуп турат".

Бул аймакта жалпы 125тей киши жер алып, өздөштүргөн. "Асманды" куруу дирекциясы аларга кеткен чыгымдарын инвесторлор кайтарат деген убада беришкен.

"Асман" шаары жана экологдордун эскертүүсү

Шаарда жалаң электромобилдер менен жүрүүгө болору, акылдуу шаар, акылдуу үй, бала бакчалар, мектептер менен университеттер жана заманбап ооруканалар салынат деп пландалууда. Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо комплекстери, бизнес жана соода борборлору, мейманкалар, муз тебүү сарайы, стадион, концерттик зал, резиденция, банктар түшөт. Мындай маалымат кыргыз бийлигинин планы боюнча жакынкы 7-10 жылда курула турчу "Асман" шаары тууралуу айтылган роликте белгиленген.

Экологиялык жаңы шаар Бишкектин ыш маселесин чечүүгө, Балыкчыда токтоп турган өндүрүштөрдү жандандырууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *