Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берип чыкты

0
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге сурак берип чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди.

"Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың - деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди" - деди Токтонасыров.

ИИМ жарандык активистке байланыштуу окуяга комментарий бере элек.

Токтонасыровду 30-июнда кечки саат тогуздар чамасында Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү 01 KG 646 номерлүү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машинеге белгисиз бирөөлөр салып кеткенин жакындары көргөн.

Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *