Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 23.02.2018

Москва: террорчулукка шектелген алты тажик жараны абакка кесилди

Azattyk.org 

Москванын регионалдык аскердик соту Тажикстандын алты жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. 22-февралда чыккан соттун чечимине ылайык, аларга "террордук чабуул уюштурууну көздөшкөн", "жардыруучу заттарды мыйзамсыз сакташкан" жана "террордук уюмдардын катарына кошулууга аракеттенишкен" деген айыптар тагылды. Тергөөчүлөр билдиргендей, айыпталуучулар Москванын четиндеги Люберцы районундагы маршруткалардын бирине жардыруучу зат орнотууну боолгоп жатышкан. Ошондой эле алар “Ислам мамлекети”... Читать дальше...

Олимпиада: Орус хоккейчилери финалга чыгышты

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орус хоккейчилери финалга чыгышты. Алар 23-февралдагы жарым финалда Чехиянын курама командасын 3-0 эсебинде утуп алышты.  Орусиялык хоккейчилер экинчи таймда 30 секунданын ичинде эки жолу упай ачышты. Үчүнчү голду Илья Ковальчук оюн бүтөөрүнө 20 секунда калганда киргизип кетти.  24-февралдагы экинчи жарым финалда Канада менен Германия беттешет.  Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма... Читать дальше...

АКШдагы Манасташ тоосунда Айтматов театры курулат

Azattyk.org 

Ташкул Керексизов - кыялды чындыкка айланткан адамдардан. Ал Ысык-Көлдө кайталангыс эки маданий очокту: “Рух Ордону” жана “Аалам ордону” салдырган. Эмки планы - АКШнын Манасташ тоосунда Чыңгыз Айтматов айылын же театрын куруу.

Түркия Нидерланддын армян кыргыны тууралуу чечимин сындады

Azattyk.org 

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Нидерланддын Анкарадагы элчисин чакыртып, бул өлкөнүн парламентинин 1915-жылдагы Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын геноцид деп тааныган чечимин катуу сынга алды. Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Нидерланд элчиси Эрик Вестстрате соңку бир аптада ушуну менен экинчи жолу чакыртылды. Түрк тышкы иштер министрлиги өткөн аптада Нидерланддын парламенти маселени карай турганы анык болгондон кийин да андан түшүндүрмө сураган болчу. Читать дальше...

Казакстан кыргыз депутаты кандай жагдайда паспорт алганын ачыкка чыгарды

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгын кантип алганын ачыкка чыгарды. Эл аралык “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде, Казакстандын ИИМинин өкүлү Алмас Садубаев Асылбек уулу туулгандан баштап эле Казакстандын жараны экенин ырастаган. “Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну болуп саналат, улуту казак. Ошол жерде... Читать дальше...

ТАПИ газ куурунун Ооганстандагы бөлүгү курула башталды

Azattyk.org 

Түрмөнстандын газын Индияга чейин жеткире турган газ куурунун Ооганстандагы бөлүгүнүн курулушу башталды. 23-февралда Герат шаарында курулуштун башталышына арналган салтанат өтүп, ага Ооганстандын президенти Ашраф Гани, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси, Индиянын тышкы иштер министри Мобашар Жавед Акбар катышты. - Көгүлтүр отундун дүйнөдөгү экинчи ири булагы болгон Галкыныш кени ТАПИ долбоорун газ менен камсыз кылат, - деди түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов. Читать дальше...

Өкмөт башчы командасына капа болду

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик инвестициялар программасын аксаткан бир катар министрлик-мекемелердин жетекчилерине сөгүш берди. Эгер абал жакшырбаса аларды кызматтан аларын эскертти.

Олимпиада: Көркөм муз тебүүдө Загитова алтын медал утту

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орусиялык Алина Загитова кыз-келиндер арасындагы көркөм муз тебүүдө алтын медал утту. Экинчи орунга орусиялык дагы бир спортчу Евгения Медведева, коло медалга канадалык Кэйтлин Осмонд ээ болду. 15 жаштагы Загитова "Орусиялык олимпиада атлеттеринин" капчыгына биринчи алтынды алып келди. Ага чейин орус спортчулары төрт күмүш, сегиз коло медал топтошкон. Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма... Читать дальше...



АКШ Чыгыш Гутадагы бомба чабуулу үчүн Орусияны сындады

Azattyk.org 

АКШ Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы бомба чабуулдары үчүн Орусияны сындап, 400дөн ашык адамдын өлүмүндө Москванын "кайталангыс жоопкерчилиги" бар экенин билдирди. Мамлекеттик департамент Орусияны Сирия өкмөтүнө көрсөтө алчу таасирин колдонуп, киши өлтүрүүлөрдү токтотууга чакырды. "Алар өлүмдү, киши өлтүрүүлөрдү, кыйроолорду токтотуу үчүн эмне кылып жатышат? Орусия Сирияны колдобосо, кыйроолор менен өлүмдөр болмок эмес", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Нойерт.... Читать дальше...

Орусияда он бешинчи "вагнерчи" көмүлдү

Azattyk.org 

Орусиялык жалданма жоочулардын 7-февралда Сириянын Дейр-эз-Зор аймагындагы салгылашууда курман болушу дагы эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүндө. Сирияда каза болгон орусиялыктардын саны так айтыла элек. Бирок алардын айрымдарынын сөөгү Орусияда жерге берилип, жарадар болгондору аскердик ооруканаларда дарыланып жатканы тууралуу улам жаңы маалыматтар чыгып жаткан кези.

Журналистке козголгон кылмыш иш боюнча саясатчылар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Журналист Элнура Алкановага козголгон кылмыш иши боюнча экс-президент Роза Отунбаева баштаган бир нече саясий-коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу кайрылууга кол койгон саясатчылардын бири Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди. Саясатчылардын кайрылуусунда “Алкановага козголгон кылмыш иши мыйзамсыз жана негизсиз” деп бааланып, бул “коомчулукту терең кыжаалат кылып, катуу кыжырлантып жатканы” айтылат. “Бул жагдай тергөө органдары эч нерседен коркпой эле... Читать дальше...

Казакстанга Кыргызстандан барган кийимден зыяндуу заттар табылды

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылды. Бул тууралуу казакстандык "Tengrinews" сайты Караганды облусунунун коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берүү менен маалымдады. Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныктаганы айтылат. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу экенин белгилешкен. Читать дальше...

Сары кыштак, сары бала, сары кар

Azattyk.org 

Бүгүн Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнү. Бирок 68 жашты тосуп жаткан акын агабыздын балалыгы, кыштагы, энеси тууралуу ырын окурмандарга сунуштайбыз.

Сегиз батирге жасалма документ жасап саткан топ кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сегиз батирге жасалма документ жасап сатып жиберген алдамчылардын уюшкан тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, өткөн эки жыл ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдүн Токмок шаарында бир нече тургун алардын үйүнө белгисиз жарандар жалган документ жасап сатып жибергенин айтып, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул иштерге тиешеси бар делген Нарын облусунун 43 жаштагы Д.З аттуу тургуну... Читать дальше...

Сапёр өмүрүндө бир жаңылат

Azattyk.org 

23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү. "Азаттык" бул күнү өз өмүрүн башкалар үчүн тобокелге салган сапёрлордун ишине кайрылды. Анткени, сапёр ар күнү бизди курчаган айлана-чөйрөдө тынчтыгыбыз менен коопсуздугубузду коргогон сакчы. Коркунуч пайда болгон жерде өз өмүрүнө кайыл болуп ишке киришет.

Өзбекстан өрттөн жабыркаган үч жаранын алып кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Кочкор-Ата шаарында кафеде чыккан өрттөн жабыркаган намангандык тургундарды Өзбекстандын бийликтери алып кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын күч кызматтары “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти. Өлкөнүн ички иштер, саламаттыктык сактоо министрликтери кабарлагандай, күйүк жараатын алган үч жаран Өзбекстандын медициналык тез жардам кызматынын Анжиян жана Наманган филиалдарына жаткырылып, дарыланууда. Ал жерде жабыркагандардын жакындарына жана туугандарына кабар берилди. 21-февралга... Читать дальше...

Исаков: Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу өкмөттөгү өткөн жылкы экономикалык жагдайларды талкуулаган жыйында айтты: - 2017-жылкы экономикалык өсүш күтүлгөндөн жогору болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстандын экономикалык өсүүсү боюнча алгачкы позицияларды ээлегенин белгилеп кетким келет. Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда,- деди Сапар Исаков. Өкмөт аппаратынын... Читать дальше...

Эже-сиңди: көзү ачыктарга ишенген энелер

Azattyk.org 

Эмне үчүн Кыргызстанда парапсихологдорго кайрылгандар көп? Бул "элдик психологдорго" аялдар көбүнчө кандай суроолор менен көп кайрылышат? Сыйкыр менен алдамчылыктын айырмасы эмнеде? "Эже-сиңдилер" ток-шоусунун бул жолку талкуусунда ушул суроолорго жооп издедик.

Индия музыкасы менен йога фестивалы өткөрүлөт

Azattyk.org 

25-февралда боло турган фестивалды Бишкектеги "Экодемия" кафеси менен Индия ден соолукту чыңдоо-окуу борбору уюштурууда. Төрт сааттык иш-чарада көрүүчүлөр жандуу аткарылган индиялык музыкага жана бийге күбө болот. Ошондой эле катышуучулар индиялык фольклорду чогуу аткарып, улуттук бий боюнча мастер-классты көрүшөт. Келгендерге таттуулар да берилет. Фестивалга кирүү акысыз.

Нидерланд парламенти армян кыргынын геноцид деп тааныды

Azattyk.org 

Нидерланд парламенти 22-февралда 1915-жылда Осмон империясынын тушунда 1,5 миллион армяндын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныды. Негизги партиялардын баарынын колдоосу менен кабыл алынган чечим Гаага менен Анкаранын дипломатиялык мамилесин ого бетер начарлатышы мүмкүн.  Былтыр голландиялыктар түрк министрине шайлоо өнөктүгү маалында Нидерландда жашаган түрктөргө үгүт жүргүзүүгө уруксат берген эмес.  Өткөн кылымдын башында 1,5 миллиондой армяндын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган. Читать дальше...

TI: Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору мамлекет бойдон калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жогорку даражалуу кызмат адамдарынын коррупциялык мыйзам бузуулары боюнча кылмыш иштер тегиз козголбойт. Бул тууралуу “Трансперенси Интернешнл” уюмунун коррупция тууралуу 21-февралда жарыяланган жаңы баяндамасында айтылат. Анда укук нормаларынын алсыздыгы жана киреше менен мүлктөрдү декларациялоодо жоопкерчиликти жөнгө салган механизмдердин жоктугу кылмышкерлердин жеңил жаза алышына же андан кутулушуна жол ачары айтылган. Ал эми улуттук ири долбоорлор ачык ишке ашырылбай турганы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *