Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 23.02.2018

Советтик дипломат Валентин Фалин көз жумду 

Azattyk.org 

Советтер союзунда партиялык жогорку кызматтарды аркалаган Валентин Фалин 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маркумдун туугандарына таянуу менен билдирди.  Фалин 1971-1982-жылдарда СССРдин Бонндогу элчиси болгон.  КПССтин Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүн жетектеген.  "Известия" гезитинде иштеп, 1986-1988-жылдарда "Новости" басма агенттигин башкарган.  Ал тарых илимдеринин доктору, Германияны бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. Акыркы мезгилде АКШнын саясатын кескин сындап жүргөнү белгилүү.

Базар-Коргондо бир кишини өлтүрүп, беш адамды жарадар кылган киши кармалды 

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги билдиргендей, райондун Кызыл-Ай айылында 21-февралда үй-бүлөлүк жаңжал кандуу окуя менен аяктаган. Кайненесинин үйүнө мас абалында барган күйөө бала аялы менен кошо беш кишини бычактаган. Алар туугандар жана кошуналар. Окуя болгон жерде алган жараатынан 34 жаштагы адам мерт кеткен. Беш киши азыр оор абалда реанимацияда жатат. Арасында алты жаштагы бала бар. Кылмышка шектүү адам Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, окуя болгондо качып кетип, кийинчерээк кармалган. Ал мурда да мал уурулук боюнча соттолгону... Читать дальше...

Кыргызстанда бүгүн Мекенди коргоочулар күнү 

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн Мекенди коргоочулар күнү белгиленет.  Майрамга карата өлкөдө дем алыш жарыяланган.   23-февраль -  Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Бишкекте каратэ-до SKIF боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Azattyk.org 

Каратэ-до SKIF боюнча экинчи эл аралык мелдеш Чүй университетинин негиздөөчүсү Султан Мамбеткалиевдин элесине арналган. Турнир 25-февралда ачылат. Ага Кыргызстан менен Казакстандын каратэ мектептеринин 6 жаштан 18 жашка чейинки 200 тарбиялануучусу катышат.  Кыргызстанда каратэ боюнча улуттук федерация бар. Ал Жапониянын Токио шаарында жайгашкан эл аралык каратэ уюмунун мүчөсү. (NT)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *