"Манаска" аргасыз конгон учак боюнча иликтөө жүрүп жатат
29-июлда Ош-Анталия багытында баратып техникалык себептен улам Бишкектин "Манас" аба майданына конууга мажбур болгон учактын окуясы иликтенүүдө. Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев “Азаттыкка” билдиргендей, учактагы гайкалардын бири чыгып кеткендиктен учкучтар аны "Манас" аэропортуна кондурууга мажбур болушкан. Иликтөөнү агенттиктин адистери жүргүзүп жатышат. “Авиа Траффик” компаниясына таандык учакта 89 жүргүнчү бараткан эле. Алар тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушкан. Читать дальше...