Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 02.08.2018

“Электр станциялары” кымбат көмүр сунуштаган фирманы тандаган себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр сатып алууда жогору баа сунуштаган фирманы тандаган себебин түшүндүрдү. Мекеме тараткан билдирүүдө, төмөн баа сунуштаган “Евротранс групп” фирмасынын көмүрүнүн калориясы аз экени айтылган. Аны иштетүүдө 48 миң тоннага чейин жоготуу болору, 25 млн. куб газ кошумча жагылары белгиленген. Натыйжада 520 млн. сомго ашыкча чыгым болот деп билдирет “Электр станциялары”. Ишкана жеңүүчү катары тандалган “Рассвет компани” жоопкерчилиги... Читать дальше...

АКШ түрк министрлерине санкция киргизди

Azattyk.org 

АКШ Түркиянын эки министрине – Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлуга жана Юстиция министрлигинин жетекчиси Абдулхамит Гүлгө каршы санкция киргизди. Вашингтон аларды америкалык диний ишмер Эндрю Брансонду куугунтукка алган деп эсептейт. Санкциялар “Магнитский мыйзамынын” алкагында коюлду. Бул мыйзам АКШнын Каржы министрлигине адам укуктарын бузган адамдарга карата чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет. Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып... Читать дальше...

Быйылкы “Мекендештер” форумуна президент да катышат

Azattyk.org 

Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумунун төртүнчү айлампасына президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган форумдун медиа-координатору Топчугүл Шайдуллаева билдирди. Анын айтымында, бул форумга биринчи жолу президент катышып жатат.  Быйыл форум Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда 8-9-августта өтөт. Ага мамлекет башчыдан башка экс-президент Роза Отунбаева, министрлер, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана 23 өлкөдөн келе турган мигранттар катышат.

Чүйдөн жоголгон эки бала Ысык-Көлдөн табылды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жоголгон бир туугандар Курманбек Алмазбек уулу жана Кутманбек Базарбаевдер Ысы-Көл облусунан, өз апасынын үйүнөн табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 13 жана 11 жаштагы өспүрүмдөр дайынсыз жоголуп кеткенин 31-июлда алардын жакындары Аламүдүн райондук милициясына кабарлашкан. Ал эми милиция издөө жарыялаган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында аларды балдардын өзүнүн апасы алып кеткени аныкталды. Иштин башка жагдайлары такталууда. Читать дальше...

Орусиянын футбол командасы дүйнөлүк чемпионатта жеңилгени үчүн абактагылар сабалды

Azattyk.org 

Орусиянын Забайкалье крайындагы түзөтүү колониясында жаткан соттолуучулар мекеменин кызматкерлери тарабынан кыйноого дуушар болгонун айтып чыгышты. Алар буга футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Орусиянын курама командасы Хорватия менен беттеште жеңилип калганы себеп болгонун кабарлашты. Бул тууралуу орусиялык "Медуза" басылмасы “Зона права” адвокаттардын уюмуна таянуу менен билдирди. Камалгандардын бири Александр Нохриндин айтымында, колониянын беш кызматкери аларды өлөрчө сабап, электрошокер менен кыйноого алган. Читать дальше...

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына үч миңге жакын билет сатылды

Azattyk.org 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанатына үч миңге жакын билет сатылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, 1-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган оюнду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселеси, объекттердин курулушу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу... Читать дальше...

Чек арачылар Өзбекстанга өтүп кеткен 250гө жакын койду кайтарып алышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүмүн кызматкерлери жайылып жүрүп Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчкини кайра кайтарып алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Жалал-Абад облусунун аталган районундагы Совет-Сай айылынын эки тургуну 31-июль күнү жайган кою коңшу өлкөгө өтүп кеткенин чек арачыларга кабарлашкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жандыктарды өзбекстандык чек арачылар Кыргызстанга өткөрүп берген. Малчыларга койлорун тиешелүү эмес жерлерге кайтарганы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *