Жалал-Абад облсотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров каза болду
Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров 60 жашында узакка созулган оорудан каза тапты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Шаршенбек Камбаров 1958-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында төрөлгөн. Ал 1982-1993-жылдарда Жалал-Абад шаарынын элдик сотунда сот аткаруучу болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгында сот тармагынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Андан кийин Ала-Бука райондук сотунун төрагасы... Читать дальше...