Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 03.08.2018

The Guardian: АКШнын Москвадагы элчилигинде орусиялык чалгынчы иштеген

Azattyk.org 

АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин арасында он жылдан ашуун орусиялык чалгынчы аял жашыруун иштеп келгенин британиялык The Guardian гезити атайын кызматтардагы булактарына таянуу менен жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, ал тыңчылык менен алектенген болушу мүмкүн. Гезит дипломатиялык миссияда иштеген орусиялык кызматкердин аты-жөнүн жарыялаган эмес. Кабарда белгилегендей, аялды АКШнын жашыруун кызматы ишке алган. Кызматкердин элчиликтин электрондук почталарына жана ички... Читать дальше...

Сузакта милиция бөлүмчөсүн кызматкерлер ашар жолу менен куруп жатышат

Azattyk.org 

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүн милиция кызматкерлери өздөрү, ашар ыкмасы менен куруп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди. Анын айтымында, ашарга райондук милиция башкармалыгынын өздүк курамы тартылган. Алар курулушту кышка чейин бүтүрүп салууну көздөп жатышат. Учурда имараттын дубалы тургузулду. Айыл аймагынын борбору Миң-Өрүк айылында салынып жаткан имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзөт. Читать дальше...

Сузакта милиция бөлүмчөсүн кызматкерлер ашар жолу менен куруп жатат

Azattyk.org 

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүн милиция кызматкерлери өздөрү, ашар ыкмасы менен куруп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ашарга райондук милиция башкармалыгынын өздүк курамы тартылган. Алар курулушту кышка чейин бүтүрүп салууну көздөп жатышат. Учурда имараттын дубалы тургузулду. Айыл аймактын борбору Миң-Өрүк айылында түшүп жаткан имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзөт. Читать дальше...

Өкмөт жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулайт

Azattyk.org 

Бүгүн, 3-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Анда жалпы билим берүүчү мекемелердин абалы, көйгөйлөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-2019-жылга иш-пландары тууралуу кенен маалымат берилет. Жыйында кыргыз өкмөтүнүн калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча 2019-2020-жылдарга пландалган программасы да сөз болот. Өкмөт үйүндөгү отурум саат 15:00дө башталат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *