Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 16.10.2018

Баткенде жолбун иттер көбөйдү

Azattyk.org 

Баткенде өткөн аптанын соңунда 8 жаштагы баланы талаадан үч ит талап, оор абалда ооруканага түштү. Тиешелүү кызматтар иттерде кутурма бар-жогун иликтешүүдө.

"Microsoft" компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Пол Аллен көз жумду

Azattyk.org 

Билл Гейтс менен бирге "Microsoft" компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди. Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан.  Аллен 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап калган. "Microsoft" акциялары кымбаттагандан кийин миллиардерге айланган. Читать дальше...

"Чыңгыз ата, сиз менен сүрөткө түшсөм болобу?"

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Ак кеме” көркөм тасмасын көргөндө жөн гана кинодой кабыл алгам. Кийин китебин окуганда гана чыгарманын маанисине түшүнүп, абдан таасирленгем.

Чылым чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда

Azattyk.org 

Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын өтүп жатат. Анда маалым болгондой, учурда Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш каралууда.  Мыйзам долбоорунун автору, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, насыбайды, электрондук чылымды жана кальянды тыюу жагы каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү... Читать дальше...

Сауд Арабиясы Хашоггинин өлүмүн моюнга алаары кабарланууда

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын бийлиги журналист Жамал Хашогги сурак учурунда өлгөнүн жарыялоого камынып жатканы кабарланууда. Бул тууралуу адегенде CNN телеканалы, андан соң эки маалымат булагына таянып "Reuters" агенттиги билдирди. Булактардын бири баяндама даярдалып жатканын, анын мазмуну өзгөрүшү ыктымал экенин айтып берген. Экинчи булак баяндамада "сурак уруксатсыз жүргүзүлгөнү, жооптуулар жазага тартылары" жөнүндө сөздөр камтылышы мүмкүн экенин айтат. Акыркы жылдары саудит бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги 2-октябрдан бери дайынсыз. Читать дальше...

Өзбекстан инвестицияны эки эсе көбөйтүүгө камынууда

Azattyk.org 

Өзбекстандын Мамлекеттик инвестиция комитети 2017-жылы түз инвестициялар азайып, 423 млн. доллар гана болсо, быйыл 1,7 млрд. долларга жетерин болжолдоп жатат. “2019-жылы эки эсе көбөйтүп, 3,5 млрд. долларга жеткиребиз” деп билдирет комитет Podrobno.uz сайтына.  Бул өлкөдөгү ири "Өзбекнефтегаз" ишканасына келген акчаны эске албагандагы эсеп. Мындай көрсөткүч ишкердикке байланыштуу мыйзамдарды либералдаштырып, экономикалык жагдайды жакшыртууга багытталган кескин чаралардан кийин пайда болгону белгиленет. Читать дальше...

Иранда аскер адамдары уурдалганы кабарланды

Azattyk.org 

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Пакистан менен чек арадан 14 аскер адамы уурдалып кеткенин билдирүүдө.  IRNA агенттиги “Лулакдан чек арасында, 16-октябрда таңкы саат 4 менен 5тин ортосунда аларды террордук топтор уурдап кетишкен” деп маалымдады.  14 кишинин экөө тандалма Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгынчы офицерлери, жетөө "Басиж" милициясынан келген ыктыярчылар, калганы чек арачылар экени кабарланат. Азырынча кайсы террор тобу тууралуу сөз болуп жатканы так айтыла элек.

Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жармаңкеси өтүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жармаңкеси өтүүдө. "Татыктуу ишке кадам" деген жармаңкеге жергиликтүү тургундар, студенттер, кесиптик кошуундар, иш берүүчүлөр жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып жатышат. Жалпысынан ар кыл багыттагы 400дөн ашык бош орун сунушталды. Жарманкеге келгендер «Ишти кантип издеш керек?» «Эмгек келишими деген эмне?» «Кесиптик кошуун деген эмне?» «Жумуш ордундагы басмырлоодон кантип коргонуш керек?» деген темадагы талкууларга катышып, серепчилерден кеп-кеңеш алып жатышат. Читать дальше...



Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жарманкеси өтүүдө. "Татыктуу ишке кадам" аталышындагы жарманкеге жергиликтүү тургундар, студенттер, кесиптик кошуундар, иш берүүчүлөр жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып жатышат. Жалпысынан ар кыл багыттагы 400дөн ашык бош орун сунушталды. Жарманкеге келгендер «Ишти кантип издөө керек?» «Эмгек келишими деген эмне?» «Кесиптик кошун деген эмне?» «Жумуш орунундагы дискриминациядан (басмырлоодон) кантип коргонуу керек?» деген темадагы талкууларга катышып, серепчилерден кеп-кеңеш алып жатышат. Читать дальше...

АКШда бюджет таңкыстыгы 779 млрд. долларга жетти

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар быйылкы каржы жылын 779 миллиард долларлык таңкыстык менен жыйынтыктады. Бул 6 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Таңкыстыктын себептери салыкты төмөндөтүүдөн улам кирешенин азайышы, аскер чыгымдарынын көбөйүшү менен түшүндүрүлдү. Республикачы конгрессмендер жана президент Дональд Трамп "салыктын азайтылышы жакын арада экономикалык өсүшкө жеткирет, жаңы жумуш орундары ачылат" деп жатышат. Бюджеттеги таңкыстыктын көбөйүшү мамлекеттик карыздын төлөмдөрү өскөнүнө да байланыштуу.... Читать дальше...

Түркияда “алдандык” дегендердин айлыгы бир жума ичинде төлөнүп берилет

Azattyk.org 

"Түркиянын Анталия шаарына иштегени барып алдандык” деген кыргызстандыктардын айлык акысы учак билети менен кошо ушул аптанын ичинде колуна берилет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Авангард” мейманканасынын администрациясы 16-октябрда билдирди. Мейманкананын жетекчилиги: “Биз жумушчуларыбызды көчөгө кууп чыккан жокпуз. Жатаканасы, тамагы бар. Бул жума билеттерин жана айлык акысын беребиз. Мурунку алынган билеттер жараксыз болгонун биз да жаңы билдик. Анткени “Пегасус” фирмасында жаңылыштык кетиптир” деп жатат. Читать дальше...

Түркияда “алдандык” дегендердин айлыгы апта ичинде төлөнүп берилет

Azattyk.org 

Түркиянын Анталия шаарына “иштегени барып алдандык” деген кыргызстандыктардын айлык маянасы учак билети менен кошо ушул апта ичинде колуна берилет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Авангард” мейманканасынын администрациясы 16-октябрда билдирди. Мейманкананын жетекчилиги “Биз жумушчуларыбызды көчөгө кууп чыккан жокпуз. Жатаканасы, тамагы бар. Бул жума билеттерин жана айлык акысын беребиз. Мурунку алынган билеттер жараксыз болгонун биз дагы жаңы билдик. Анткени “Пегасус” фирмасында жаңылыштык кетиптир” деп айтууда. Читать дальше...

17-октябрда кар аралаш жамгыр жаайт

Azattyk.org 

17-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...5, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 4...9... Читать дальше...

Эгизбаевдин көрүстөн тууралуу иликтөөсү боюнча дагы бир иш козголду

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн негизинде Бишкектеги көрүстөн маселесине байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Ленин райондук соту Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу” деген беренелеринин негизинде иш козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берди. Читать дальше...

Ошто эл эки көчөнүн жолун өзү жаңылап алды

Azattyk.org 

Ошто жергиликтүү тургундардын чогулткан жеке каражатына эки көчө асфальтталды. Буга чейин тамтыгы чыгып, жүрүүгө жараксыз болуп калган Адышев көчөсүнө 100 метр асфальт төшөлүп, бул ишке 540 миң сом сарпталды. Каражат топтоого жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаты жана аймактык кеңеш жардамдашты. Мындан тышкары Шолохов көчөсүнө да 80 метр асфальт төшөлдү. Сарпталган каражаттын жалпы суммасы 390 миң сомду түздү. Бүткөрүлгөн жолдор пайдаланууга берилди. (MdN)

Жыл башынан бери чек арада он окуя катталды

Azattyk.org 

Былтыр Кыргызстандын тышкы чек ара тилкелеринде жалпысынан 14 окуя болгон. Быйыл жыл башынан бери 10 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Быйылкы окуялардын жетөө Тажикстан менен, үчөө Өзбекстан менен чек арада катталган. Чек арадан аткезчилик жолу аркылуу ташылып баратып кармалган товарлардын суммасы 26 млн сомдон ашты. Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана  Тажикстан менен чектешет. Өзбек... Читать дальше...

"Берекет" базарындагы өрт боюнча сот башталды

Azattyk.org 

«Берекет» базарындагы өрт боюнча иш сотто карала баштады. Дүйшөмбү күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда алгачкы отурум болгонун бүгүн «Азаттык» радиосуна жабыркаган соодагерлердин бири Калипа Искендерова билдирди. Анын айтымында, сот тараптарды суракка ала баштады.  Жабыркаган тарап өрт электр коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбагандыктан чыкканын айтууда: - Электр зымы чагылышкан, демек. Себеби кароолчу «электрди өчүрүш үчүн чуркап бардым» деп айтып жатпайбы. Жарык күйүп тургандыктан аны өчүргөнү барды да, - дейт Искендерова. Читать дальше...

Мектептеги өкүмзордук күчүн жогото элек

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы №47 орто мектептеги эки окуучунун бир окуучуну сабаганы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. Буга таяк жеген окуучунун ата-энесинин арызы негиз болду.

Айтматовго таасирленген Латифа менен Манежа

Azattyk.org 

Чүй облусунун Жаңы-Пахта айылынын мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырды. Каармандардын образын жараткан окуучулардын дээрлик баары этникалык кыргыздар. Алардын ичинен эже-сиңди Латифа жана Манежа Шамовалардын аткарган ролун, окуган ырларын көрүүчүлөр көзүнө жаш алып көрүштү. Шамовалардун үй-бүлөсү 2003-жылы Кыргызстанга Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан көчүп келишкен.

Сарпашевдер аралашкан жер чыры

Azattyk.org 

Токтогулдагы бир катар жергиликтүү депутаттар жана жашоочулар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа бере албай жатканына даттанып айылга чогулушту.

ТИМдин башчылыгына Чыңгыз Айдарбеков көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги Кыргызстандын Тышкы иштер министри кызматына көрсөтүлүүдө.  Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуш кылат. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.  Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе... Читать дальше...

ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбеков сунушталды

Azattyk.org 

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына сунушталууда.  Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат. Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Читать дальше...

Саудиянын спортко ынак сулуулары

Azattyk.org 

Сауд Арабиясындагы социалдык реформалар жемишин берип жатат. Чектөөлөр азайышы аялдар үчүн кыялдагы нерсени жакындатууда. Акырындап спортко үйүр боло башташты. Маселен Перс булуңунун жээгиндеги Дамам шаарында бокс менен алектенүүнү каалагандар көбөйдү.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *