Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 16.10.2018

Саудиянын сулууларын кызыктырган мушташ

Azattyk.org 

Сауд Арабиясындагы социалдык реформалар жемишин берип жатат. Чектөөлөр азайышы аялдар үчүн кыялдагы нерсени жакындатууда. Акырындап спортко үйүр боло башташты. Маселен Перс булуңунун жээгиндеги Дамам шаарында бокс менен алектенүүнү каалагандар көбөйдү.

ТИМ: эл аралык арбитраж тууралуу "Русгидродон" расмий билдирүү келе элек

Azattyk.org 

Орусиянын «Русгидро» компаниясы 37 миллион доллар өндүрүү үчүн Кыргызстандын үстүнөн Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти «Азаттыкка» билдирди. «Русгидронун» төрагасы Николай Шульгинов сентябрда орусиялык «Ведомости» гезитине маек берип, Гаага сотунда бул ишти карай турган курам аныкталганын, азыр компания соттун иши башталаарын күтүп жатканын айткан. Шульгиновдун маегинин толук версиясы «РусГидро» компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Читать дальше...

Окуучуга үстөмдүк болгон №47 мектептин директору кызматтан кетти

Azattyk.org 

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы мектептеги чырга байланыштуу директордон тышкары өспүрүмдөр менен иштеген инспектор да иштен кеткенин, вице-мэрге, билим берүү башкармалыгынын жетекчисине катуу сөгүш бериле турганын билдирди. 12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн. Териштирүүдө ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткенин, ошондон уруш чыгып, сабалганын айтып берген. Окуя тууралуу маалымат тараганда социалдык... Читать дальше...

Шаардык сот Исаковдун жакындарынын батири боюнча арызды карайт

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда бүгүн камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарынын батирине байланышкан арыз каралат. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди. Токтакунов буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковдун үй-бүлөсү жашап турган үйдү баалоого санкция бергенин айтып, буга макул болбой шаардык сотко даттанган. Анын айтымында, турак жай Сапар Исаковдун кайын-журтуна таандык. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында... Читать дальше...

Сот "Азия Ньюстун" жетекчисин Келдибековго 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди  

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун арызынын негизинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди 2 миллион сом доо төлөөгө милдеттендирди. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Сартбаев  ырастады. Анын маалыматына караганда, Акматбек Келдибеков гезитте басылган айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын анын пайдасына чечилип, ар бирине миллион сомдон жалпы эки миллион сом "доо төлөнсүн" деген чечим чыккан. Читать дальше...

Тажикстанда журналист доого жыгылды

Azattyk.org 

Тажикстанда журналист Хайрулло Мирсаидов 15-декабрга чейин 80 миң сомони (8,5 миң доллар) айыппул төлөшү керек. Хожент шаарынын соту 15-октябрда Мирсаидовдун айыппул төлөө мөөнөтүн эки айга узартты. Жабык өткөн сот отуруму учурунда журналист айыппул төлөө мөөнөтүн апрелдин ортосуна чейин узартууну сураганын билдирди.  Эгер Хайрулло Мирсаидов 15-декабрга чейин 80 миң сомони айыппул төлөбөсө, кайрадан камалат. Хожент шаардык соту Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алган, максатсыз пайдаланган жана жалаа жапкан" деп айыптап... Читать дальше...

Депутаттар мыйзамсыз тыңшоо тууралуу УКМКнын маалыматын угат

Azattyk.org 

Маселе бүгүн, 15-октябрда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында талкууга алынаарын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү жыйында маалымат берүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов чакыртылган. Аталган комитет сентябрда да тыңшоолор боюнча атайын кызматтын маалыматын уккан. Анда УКМКнын төрагасынын орун басары Талант Кожонов мыйзамсыз жашыруун угуулар болгонун моюнга алып, ал боюнча териштирүүлөр жүргөнүн билдирген. Читать дальше...

Казакстан: жихад боюнча айыпталган эки киши сотко бойкот жарыялады

Azattyk.org 

Казакстанда террорчулукка үгүттөө жана куралдуу жихадга чакыруу боюнча айыпталып, он айдан бери абакта жаткан үч кишинин экөө - Алмат Жумагулов​ менен Оралбек Омыров 15-октябрдагы жараянда прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сотко бойкот жарыялады. Алар ооздорун скотч менен чаптап алышты. Алар абакта укуктары бузулуп жатканы тууралуу жазган арызга прокурор көңүл бурбаганын билдирип жатышат. Үчүнчү айыпталуучу Кенжебек Абишев да саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, соттон бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Читать дальше...

Казакстан: жихадга айыпталган эки киши сотко бойкот жарыялады

Azattyk.org 

Казакстанда террорчулукту үгүттөөгө жана куралдуу жихад чакырууга айыпталып, он айдан бери абакта жаткан үч кишинин экөө - Алмат Жумагулов​ менен Оралбек Омыров 15-октябрдагы жараянда прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сотко бойкот жарыялады. Ооздорун скотч менен чаптап алышты. Алар абакта укуктары бузулуп жатканы тууралуу жазган арызга прокурор көңүл бурбаганын билдирип жатышат. Үчүнчү айыпталуучу Кенжебек Абишев да саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, соттон баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *