Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 18.10.2018

"Байкоңурдагы" кырсыкты иликтеген комиссия апта соңунда отчет берет

Azattyk.org 

«Союз-ФГ» ракета ташуучусунун авариясын иликтеген адистер кырсыкка "Байкоңур" космодромунда монтаж учурунда кетирилген ката себеп болгон деп эсептешет. Бул тууралуу Коргоо министрлигине жакын булактарга таянып "Коммерсантъ" гезити жазды. 11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг эвакуцияланганга үлгүрүп, Жерге конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче Эл аралык космос станциясына бардык пилоттолгон учуу токтотулду. Читать дальше...

“Коопсуз шаар” боюнча соттун мөөнөтү аныкталды

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арызы Бишкектин район аралык сотунда 1-ноябрда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Комитет Мамлекеттик сатып алуулар департаменти түзгөн комиссия кабыл алган чечимге каршы сотко кайрылган. Өткөн апталарда бул комиссия буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык "Вега" концерни тууралуу "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Ал эми комитет "Вега" концерни мыйзамдуу тандалган деп эсептеп... Читать дальше...

Ош Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө камынып жатат

Azattyk.org 

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" аттуу маданий иш-чарага даярдык көрүлө баштады. Анда көркөм сүрөт, айкелчилик, графика көргөзмөлөрү болот. Боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен кошо айыл чарба жармаңкеси өткөрүлөт.  Ош улуттук драма театрында Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий конференциялар, ал эми облустук ат майданда улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өтөт. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов бала кезинде Ош шаарында жашаган. Читать дальше...

Ош Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө камданып жатат

Azattyk.org 

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" аттуу маданий иш-чарага даярдык көрүлө баштады. Анда көркөм сүрөт, айкелчилик, графика көргөзмөлөрү болот. Боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен чогуу айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Ош улуттук драма театрында Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий конференциялар, ал эми облустук ат майданда улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өтөт. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов бала кезинде Ош шаарында жашаган. Читать дальше...

Ислам Каримовго Москвада эстелик тургузулду

Azattyk.org 

Москванын борборунда бейшембиде Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовго орнотулган эстеликтин ачылышы болду. Эстелик Якиманка округунда саясатчынын аты берилген скверде орнотулган. Радиобуздун кабарчысы ачылыш салтанатына тизмедеги журналисттер гана кое берилгенин, коопсуздук катуу көзөмөлгө алынганын айтып берди. Иш-чарага Өзбекстан менен Орусиянын бийлик өкүлдөрү катышты. Чыгып сүйлөгөндөр Каримовду "көрүнүктүү инсан" деп атап, өлкөсүн «түстүү революцияга» жеткирбегенин баса белгилеп жатышты. Читать дальше...

Эрдоган менен Додон стратегиялык кызматташтык тууралуу макулдашты

Azattyk.org 

Эки күндүк иш сапары менен Молдовада жүргөн түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шаршембиде Молдованын мамлекет башчысы Игорь Додон менен жолугушту. Лидерлер стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен декларацияга кол коюшту. Эрдоган менен Додон ошондой эле Кишиневдогу президенттик сарайдын ачылышына катышты. 2009-жылы нааразылык демонстрацияларында жабыркаган бул имарат Анкаранын каражатына реконструкцияланган. Кездешүүдөн кийинки басма сөз жыйынында Додон Түркияны “абдан маанилүү өнөктөш”... Читать дальше...



Милиция ардагерлери: Матраимов “келемишти” өз айланасынан издесин

Azattyk.org 

Милицияда иштеген ардагерлер Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовго жооп кайтарып, “келемиштерди өз айланасынан издесин” дешти. Ички иштер министрлигинин расмий сайтына бүгүн жарыяланган кайрылууда алар “Матраимов 16-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде сүйлөп жатып "ИИМде жана Финансы министрлигинде “келемиштер” отурат” деп айтканын, жогорку трибунадан айтылган мындай сөз “кемсинтүү жана басынтуу” экенин белгилешти. “Урматтуу депутат Искендер Матраимов, “келемиштерди” сиз жакшы тааныган... Читать дальше...

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура кызматынан кетүүдө

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура ноябрда кызматынан кеткени турат. Сириянын, Орусиянын жана Ирандын күчтөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагын өз көзөмөлүнө алган соң 7 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушка чекит койгон келишимге жетишүү бүдөмүк болуп калды. Бул вазиайпаны 4 жыл аткарган дипломат “жеке себептерден” улам кетип жатканын шаршембиде билдирди. Де Мистура кызматын тапшыргыча мурдагыдай эле иштей берерин, Сириянын бардык саясий күчтөрү жана катмарлары... Читать дальше...

Коррупция тууралуу айтып чыккан кызматкерди кайра ишке алышты

Azattyk.org 

Экотехинспекциядагы жемкорлук тууралуу айтып чыккандан кийин иштен алынган кызматкер кайра ордуна бармай болду. Анара Мамбеталиева “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, аны жумушка чакырып, 19-октябрда ишке чыгуу тууралуу буйрук менен тааныштырышты. Мамбеталиева өз билдирүүсүндө коррупцияга шектүү катары үч адамдын атын атаганын, азырынча алар боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу кабары жок экенин айтууда: - Алар тууралуу азырынча маалыматым жок. Мени чакырып, ишке кайра алып жатышканын гана айтышты. Читать дальше...

Балдарды үйдө окутуу боюнча жобо бекитилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдарды үйдө окутуу боюнча жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Аталган жобо ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаган балдардын үй шартында билим алышын камсыз кылууну көздөйт. Документте 8 жаштан 18 жашка чейинки балдарга мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим берүүнүн тартиби көрсөтүлгөн. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Читать дальше...

Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда кайра тинтүү жүргүзүлдү

Azattyk.org 

Түрк полициясы 18-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда экинчи ирет тинтүү жүргүздү. Тергөөчүлөр 2-октябрда консулдукка кирген бойдон дайынсыз болуп жаткан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин жоголушун иликтеп жатышат. Шаршембиде Түркиянын өкмөтчүл гезиттери "Хашоггини Саудиядан келген баш кесерлер өлтүрүшкөн, денеси мүчөлөнгөн" деп жазышкан. Тергөөчүлөр дипмиссияга таандык машинелерди, консулдуктун имаратынын айланасындагы бакты тинтип чыгышты. Бир нече күн мурун болгон тинтүү маалында ДНК жана башка үлгүлөр алынган. Читать дальше...

Парламент Улуттук банктын “Росинбанк” боюнча чечимине кызыгууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Улуттук банктан “Росинбанк” боюнча чечими тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бул маселени айрым депутаттар көтөрүп жатканын белгилеп, тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлөрүн айтты. Берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу "Росинбанктын" күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өткөнү жакында расмий маалым болду. Мекеме бул коммерциялык банкты башкарууну толук өзүнө алып, анын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын иштеп чыгып жатканын билдирди. Читать дальше...

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Azattyk.org 

Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу шаар администрациясы билдириди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды. Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын өкмөтү жарыялаган тизмеде өлгөндөрдүн арасында 15 окуучу, анын ичинде кол салган бала да бар, дагы бешөө – коллеждин кызматкерлери. Акыркы маалыматтарга караганда, 70 киши жабыркады, жарадар болгон 10 киши реанимацияда жатат, бешөө комада. Бул тууралуу Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова маалымдады. Читать дальше...

Помпео Түркияда Хашогги тууралуу сүйлөштү

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кездешүүдө саудиялык журналист, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Жамал Хашоггинин маселесин талкуулады.

Аялдар ооган коомун өзгөрткүсү келет

Azattyk.org 

Ооганстанда ишемби, 20-октябрда Улуттук Ассамблеяга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул ирет аял талапкерлердин саны болуп көрбөгөндөй көп. Алар үчүн саясатчы болуу абдан оор. Гендердик теңсиздик өзүнчө чоң маселе. Андан тышкары террордук чабуулдар тыйылбай жатат.

Тиллаев: Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын саны 100 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев билдирди: - Муну айткан себебим – бул жерде чоң коррупциялык схема бар дешет. Тиешелүү органдар аларды калкалап, ошолордун жардамы менен алар жумушун кылып же кандайдыр бир башка иштер менен алектенип жүрүшөт. 100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот. Депутат... Читать дальше...

"Дипломаттарды даярдоодо кемчилик көп"

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министринин алдында кандай милдеттер бар? Саясат талдоочу Чынара Эсенгул "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

Парламент Кумтөр боюнча өкмөткө талап койду

Azattyk.org 

Өкмөт “Центерра Голд” менен кол койгон соңку макулдашуусу боюнча парламентке маалымат берет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков айтты. Ага чейин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 2017-жылдын сентябрь айында премьер-министр “Центерра Голд” менен макулдашууга кол койгонун, бирок ал тууралуу депутаттарда маалымат жок экенин билдирген: - Парламентке келе элек, көпчүлүк депутаттар билбейт экен. Жаңы премьер-министр: “Биз ошол макулдашууну карап чыгабыз, мүмкүн, башкача кылабыз” деп айткан эле. Читать дальше...

Уланбек Эгизбаевге “Улут абийири” наамы ыйгарылды

Azattyk.org 

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өтүүдө. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңеши негиздеген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды. Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. "Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар... Читать дальше...

Баткендик электрик чакан трактор курады

Azattyk.org 

Баткендин Боз-Адыр айылынын тургуну, инженер Эркин Ташмуратов бир жарым жыл ичинде "Нива", УАЗ, МаЗ, "Ауди" автоунаасынын жана айыл чарба техникаларынын тетиктеринен кичи трактор курап чыкты. Айылдын 38 жаштагы электриги ойлоп тапкан трактор тар жерден бурулуп, аз аянттагы, бак ичиндеги жерди айдаганга ыңгайлашкан. Эркин Ташмуратов жакында эле К-700 техникасынын үлгүсүнө окшоштуруп дагы бир трактор жасаган.

Бишкек православ чиркөөсү Константинополь партриархатынын чечимин колдобойт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Бишкек православ чиркөөсүнүн расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Анда 15-октябрда Минскте Орус православ чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун жыйыны өткөнү кабарланган. Аталган жыйында Константинополь патриархатынын Орус православ чиркөөсүнүн аймагына кийлигишүүсүнө каршы билдирүү кабыл алынган. Билдирүүдө Орус чиркөөсү мындан ары Константинополь патриархатынын чечимдерин аткарбай турганы айтылган. Буга чейин Константинополь патриархаты Орус православ чиркөөсүнүн Украинанын православ... Читать дальше...

Дипломатия: этиканы эске салган “жаңжал”

Azattyk.org 

Акыркы мезгилде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги абал коомчулуктун көңүл борборуна чыкты. Тышкы саясат мекемесиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча айыптоодон улам башкы дипломат Эрлан Абдылдаев кызматтан кетсе, Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын жарыялады. Мындай кырдаалда министрге көрсөтүлгөн талапкердин ысымы дайын болду. Өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин туш болгон акыркы кырдаал эмнеден кабар берет? Дипломаттык этиканы менен жоопкерчиликтин эске чыгышы эмне себеп болууда. Читать дальше...

Момбеков: “Коопсуз шаар” үчүн жооптуу кишинин тогуз кылмыш иши бар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты: - Мекеменин башчысын ушул жерге премьер-министр алып келгенде: “Беш кылмыш иши бар кишини ушул жерге дайындап жатасыз. Кооптуу кызматка жооптуу эмес адамды дайындап жатасыз” деп айттым эле. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *