Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 18.10.2018

Момбеков: “Коопсуз шаар” үчүн жооптуу адамдын тогуз кылмыш иши бар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты: - Мекеменин башчысын ушул жерге премьер-министр алып келгенде “Беш кылмыш иши бар кишини ушул жерге дайындап жатасыз. Кооптуу кызматка жооптуу эмес адамды дайындап жатасыз” деп айттым эле. Читать дальше...

Коомдук уюм “Азия Ньюс” гезити боюнча сот чечимин сындады

Azattyk.org 

Сөз эркиндигин коргоо комитети “Азия Ньюс” гезитин саясатчы Акматбек Келдибековго 2 миллион сом кенемте төлөөгө милдеттендирген Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу комитет 18-октябрда тараткан билдирүүдө айтылат. Комитет соттун чечимин "учурдагы бийликтин сөз эркиндигин демократиялык башкаруунун бир бөлүгү катары жарыялаган саясатына каршы диверсия" деп атады.  “Бул прецедентти гезитти кыйынчылыкка кептеп, жаптыруу аракети катары кароого болот. Бул болсо сөз эркиндигине ачык басым. Читать дальше...

Зардалыга "Ден соолук кербени" барат

Azattyk.org 

Зардалы айылына “Ден соолук кербени” барат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги аба ырайынын мүмкүнчүлүгүнө жараша аталган айылга дарыгерлерди жөнөтүп, элдин саламаттыгын текшерүүгө убада бергенин айтты. Бир ай мурда депутат бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Зардалыга барып, элдин жашоосун өз көзү менен көрүп келүүгө чакырган болчу. Зардалы Баткендин тоолуу аймагында жайгашкан. Читать дальше...

Шаардык сот Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралды. Буга чейин адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун аны 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган. Бүгүнкү соттук жараяндын жүрүшүндө Сапар Исаковдун адвокаттары ишти караган шаардык соттун Нурбек Эсеналиев төрагалык кылган коллегиясын алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Бирок өтүнүч канааттандырылган жок. Жараянда Сапар Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок. Читать дальше...

Керч: өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган каргаша

Azattyk.org 

Крымдын Керч шаарындагы коллеждеги жардыруудан курман болгондордун саны 19га жетти. Алардын көбү өспүрүмдөр. Элүүдөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жараат менен ооруканага жеткирилди.



Керчтеги окуяда жабыркаган он киши реанимацияда

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарындагы политехникалык коллеждеги ок атуу менен жардыруудан жаракат алган беш киши комада. Реанимацияда жалпы 10 киши жатканын "Россия 24" телеканалына саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова кабарлады. Керч шаарындагы политехникалык коллеждин имаратында 17-октябрда жарылуу жана ок атуу болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Читать дальше...

Шанхай кызматташтык уюмунун антитеррордук түзүмү жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун антитеррордук түзүмүнүн жыйыны болот. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Анда террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү жолдору талкууга алынат.

Футбол талаасында каза болгон баланын өлүмү боюнча сот башталат

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте футбол аянтындагы он бир жаштагы баланын өлүмү боюнча сот башталат. Он бир жаштагы Алан Айсаевдин өлүмүнө байланышкан ишти Ленин райондук соту карайт. Бул тууралуу маркумдун энеси Нестан Исабекова билдирди. Окуя быйыл 13-июнда башкалаадагы футбол аянтчаларынын биринде болгон. Футбол ойноп жүргөн Алан Айсаевди жана башка жаш балдарды экинчи дарбазада ойноп жаткандар чогуу ойноого чакырган. Дарбазада турган Айсаевди катуу тебилген топ келип тийгенде кулаган дарбазанын темири басып калып, каза болгон. Читать дальше...

Баткенде жол кырсыгы киши өмүрүн алып, 23 адам жабыркады

Azattyk.org 

Баткенде кичи автобустардын кагылышуусунан бир киши каза таап, 23ү ар кандай жаракат алышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, эки кичи автобус 17-октябрда Ак-Татыр айыл аймагында кагылышты. Кырсыктан жаракат алган беш кишинин абалы оор. Учурда Баткен облустук ооруканасында жалпы 22 киши жатат. Кыргызстан - жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. (JsA)

Баткенде жол кырсыгында 1 киши каза болуп, 23 адам жабыркады

Azattyk.org 

Баткенде кичи автобустардын кагылышуусунан бир киши каза таап, 23ү ар кандай жаракат алышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, эки кичи автобус 17-октябрда Ак-Татыр айыл аймагында кагылышты. Кырсыктан жабыркаган беш кишинин абалы оор. Учурда Баткен облустук ооруканасында жалпысынан 22 киши жатат. Кыргызстан - жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. (JsA)

Бишкекте балдарга арналган «Сакура музыкасы» концерти өтөт

Azattyk.org 

Бишкектеги  Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында бүгүн, 18-октябрда «Сакура музыкасы» концерти өтөт. Аны «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду уюштуруп жатат. Максаты – Жапониянын маданияты менен балдарды тааныштырууну көздөйт. 7 жаштан жогору балдарга арналган концертте Кендо федерациясы самурайлардын байыркы аскердик өнөрлөрүн тартуулайт. Балдар жапон тилинде бир нече сөздү да үйрөнө алышат. Ошондой эле балдар ырлары да тартууланат. Оскар сыйлыгын жеңип алган мультфильмдин музыкасы жана башка ырлар да ырдалат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *