Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 02.02.2023

Эл каттоонун жыйынтыгы ушул айда жарыяланат, каттоого алынбай калганын үч миңдей адам билдирген

Azattyk.org 

Соңку эл каттоо учурунда каттоого алынбай калганын айтып Улуттук статистика комитетинин “тынымсыз байланыш” кызматына кайрылгандардын жалпы саны 3 миңдин тегерегинде болгонун бүгүн 2-февралда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Ушу тапта каттоо учурунда чогултулган маалыматты соңку статистика боюнча тактоо иштери жүрүп жатканы, февраль айынын соңунда атайын пресс-конференция уюштурулуп, маалымат берилери айтылды. Жараяндын биринчи этабы аяктаганда каттоого алынбай калганын... Читать дальше...

Шаардык сот “Азаттыктын” УКМКга каршы арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. 26-январда болгон отурумда “Азаттыктын” адвокаттары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековду сотко камсыз кылуу өтүнүчүн берип соттук коллегия колдогон. Бирок бул жолку соттук жараянга Жапеков эч кандай түшүндүрмөсүз келген жок жана иш анын катышуусусуз эле каралды. “Азаттыктын”... Читать дальше...

Санарип байланышы менен камсыздоо иши боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын 2G, 3G жана 4G байланыш технологиялары менен камсыз болушунун жалпы көрсөткүчү бүгүнкү күндө 97,9% түзүүдө. Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов бүгүн 2-февралда өлкөнү байланыш менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын 2220 калктуу пунктунун 98,8% байланыштын 2G технологиясы менен, 98% 3G жана 96,9% 4G менен камсыз болгонун билдирди. Министр байланыштын сапаты аймак жайгашкан жердин географиялык өзгөчөлүктөрүнөн, аба ырайынан, колдонуучунун байланыш каражатынан... Читать дальше...

Кыргызстандык парадзюдочулар эл аралык мелдештен үч байге менен кайтышы

Azattyk.org 

Португалияда өткөн парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга жетишкен кыргызстандык спортчулар бүгүн 2-февралда Бишкекке кайтып келишти.  Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, аларды “Манас” эл аралык аэропортунан Улуттук паралимпиада комитетинин жана парадзюдо федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты. Парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмада шаарында (Португалия) өткөн “Гран-При Алмейда” эл аралык мелдешинде бир алтын жана эки коло медаль жеңген. Читать дальше...

"Сократтын мурасын жаштар билсе дейм"

Azattyk.org 

ОшМУнун окутуучусу Шербол Жапаралиев YouTube каналы аркылуу Батыш философиясынын тарыхы тууралуу лекцияларды өтүүдө. Шербол Түркияда Анкара шаарындагы Гази университетинде магистратураны, андан кийин Эскишехир шаарындагы Анатолия университетинде докторантураны аяктаган. Коммуникация илимдеринин философия доктору (PhD) деген илимий даражасы бар. Учурда ал Ош мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасында сабак берет. - Шербол мырза, жакында Фейсбуктан философия тууралуу онлайн лекция өтүп жатканыңызды көрүп калдым. Читать дальше...

Орунбеков Баткенде дагы 35 үй ээсине тапшырылганын жазды

Azattyk.org 

Баткендеги куралдуу кагылышта талкаланаган үйлөрдү калыбына келтирүү уланууда. Бүгүн, 2-февралда дагы 35 үй ээсине тапшырылганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулушунун аяктоосу жакындап калды. Бүгүн, 2-февралда 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды. Бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот. Президенттик администрациянын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкө башчысы... Читать дальше...

ТҮРКСОЙ мектеп окуучуларына эл аралык дилбаян сынагын жарыялады

Azattyk.org 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму мектеп окуучулар арасында дилбаян конкурсун жарыялады. Бул тууралуу аталган уюмдун төрагасы Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына жазды. "ТҮРКСОЙ - түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү” деп аталган конкурска 13-15 жаштагы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандын мектеп окуучулары катыша алат. "Дилбаяндын максаты мектеп окуучуларынын арасында өзү жашаган өлкөсүнүн улуттук маданиятына, руханий баалуулуктарына, түрк дүйнөсүнүн жалпы дөөлөтөрүнө болгон кызыгууну... Читать дальше...



ЖКда Баткенде камакка алынган келиндин маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Баткендин Кадамжай районунда кызын сабады деген шек менен бир айга камалган келиндин маселеси Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Камила Талиева камакка алынган аял үй-бүлөдө зомбулук көргөнүн, ага психологиялык жактан жардам берүү ордуна тергөө абагына камакка алуу туура эмес экенин айтты. “Ал аял эне. Психологиялык жактан оор абалда турганда баласын уруп койгондур. Бирок аялды камап, балдарынан ажыратып коюу туура эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне, мыйзамдык зомбулукка кабылбашы керек. Читать дальше...

АКШ элчиси Кыргызстанда эркин медиалар көбөйүшү керектигин айтты

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери сөз эркиндиги Кыргызстанды Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен өзгөчөлөнтүп турарын билдирди. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат порталына курган маегинде айтты. “АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү (ред: Нед Прайс) буга чейин “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген. Сөз эркиндиги жана эркин ЖМКлар Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүнүн бири жана бул өлкөнү Борбор Азияда уникалдуу кылат. Көз карандысыз медиалар көбөйүшү керек”, - деди Вигери. Читать дальше...

Жапаралиев: Жаштар даанышмандар тууралуу билсе дейм

Azattyk.org 

ОшМУнун окутуучусу Шербол Жапаралиев YouTube каналы аркылуу Батыш философиясынын тарыхы тууралуу лекцияларды өтүүдө. Учурда ал Ош мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасында сабак берет.

Улуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Улуттук банк быйыл жыл башынан бери 25 акча алмашуу жайы текшерилип, мыйзамдын талаптарын аткарбаган беш акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди. Экөөнө 55 миң сомдон айып салынган. Мындан тышкары лицензиясы жок акча алмаштыруу менен алектенген 10 адам 175 миң сом айыпка жыгылды. Кыргызстанда валюта рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн чет өлкөгө накталай долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Өкмөттүн чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандар 5 миңден... Читать дальше...

Кызын сабаган келин камакта калды

Azattyk.org 

Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камалды. Бул чечимге аял жана анын жакындары нааразычылык билдиришти. Ушул тапта келиндин үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылды. Баткенде эки жаштагы кызын сабаган деп шек саналган келин бир айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди 1-февралда Баткендин Кадамжай райондук соту чыгарды. Соттун чечиминен кийин шектүү “Турмуш” басылмасына комментарий берип, тергөөчү соттон аны камакка алууну суранганын, кызынын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *