Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 07.02.2023

Чүйдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай берилди

Azattyk.org 

Аламүдүн районунун Гроздь айылында өзгөчө социалдык колдоого муктаж  30 үй-бүлөгө турак жайлар берилди. Үйлөр атайын комплекс түрүндө курулуп, эмерек, ысык суу, турмуш-тиричилик буюмдары, килемдер жана жылытуу системасы сыяктуу бардык ички шарттары менен камсыздалган. Комплекстин аймагында өзүнүн бала бакчасы жана мечити бар. Атайын комиссия тарабынан аз камсыз болгон жана турак жайы жок үй-бүлөлөр тандалып алынган. Алардын ичинде 2/3 Аламүдүн районунун тургундары болсо, калганы ар башка аймактан... Читать дальше...

Токторбаев: министрлик Кыштуттагы ГЭСтен электр энергиясын сатып алат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 7-февралда парламенттин тармактык комитетинде Энергетика министрлиги Баткен облусуна караштуу Кыштут айылындагы чакан ГЭСтен чыккан электр энергиясын сатып аларын билдирди.  Буга чейин Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо болбой, электр жарыгын сатып албай жатканына даттанган эле. Долбоорго инвестиция салган ишкер Бактыяр Калпаев биринчи агрегаттан айылдагы аз камсыз болгон он үй-бүлөгө, чакан ГЭС толук кубаттуулукта иштей баштаганда... Читать дальше...

Пара алууга шек саналган акушерди кесиптештери колдоп чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) пара алууга шек санаган райондук оорукананын акушер-дарыгери Асылзада Молорбаеваны кесиптештери колдоп чыкты. Ооруканадагы 60тай дарыгер иш таштаганы жатышат.

Каракалпакстан окуясы: дагы 39 кишинин соту башталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу дагы 39 кишинин соту башталды. Бул тууралуу 6-февралда өлкөнүн Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди. Соттолуп жаткандар арасында банктын юристи, адвокат, журналисттер, айдоочулар, жумушсуздар жана башкалар бар. Баары камакка алынган. Алардын арасынан 20 кишиге жапырт башаламандык уюштуруу айыбы тагылды, жетөө коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталды. Дагы жети киши эки же андан көп... Читать дальше...

"Анадолу": Түркияда зилзалада мерт болгондор саны 3380ден ашты

Azattyk.org 

"Анадолу" маалымат агенттиги Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жеткенин, дагы 20 миңден ашык адам жараат алганын жазды. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү ыктымал. Коңшу мамлекет Сирияда 1,5 миңдей киши набыт болуп, дагы жүздөгөн тургун жабыркаганы кабарланууда. Мындан улам Түркия менен Сирияда курман болгондордун саны беш миңге чамалады. Расмий Анкара үч миңдей имарат, турак жай кыйраганын билдирген. Читать дальше...

Алматы полициясы журналисттин уулуна кол салуу фактысын иликтеп жатат

Azattyk.org 

Алматынын полиция департаменти журналист Динара Егеубаеванын уулуна жасалган куралдуу кол салууну иликтей баштаганын расмий билдирди. 5-февраль күнү кечинде журналист Динара Егеубаева белгисиз кишилер уулуна пистолет менен кол салышканын соцтармакка жазган. Анын айтымында, уулу подъездге качып кирип, дароо апасына чалган. 14-январда белгисиз кишилер Динара Егеубаеванын автоунаасынын салонуна кирпич ыргытышып, машинени өрттөшкөн. Автоунаанын өрттөнүп жатканы тартылган кадрларды журналист социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырган. Читать дальше...

Чыңгыз Айдарбеков: Маданият министрлиги куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек

Azattyk.org 

«Маданият министрлиги элдин маалымат алуу эркиндигин бузуп, куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек», - деген пикирин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Ал таратып жаткан маалыматы үчүн ар ким жооптуу экенин, бирок ал жоопкерчилик мыйзамдуу формада көзөмөлдөнүшү керектигин белгилеп... Читать дальше...

Кыргызстанда 5G технологиясы алгачкы сынактан өткөрүлдү

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы алгачкы тест-драйвдан өткөрүлгөнүн билдирди. Ага ылайык "МЕГА" мобилдик оператору анын ылдамдыгын, сапатын сынады. "Тилекке каршы, учурда калк арасында 5G тууралуу маалыматтын жетишсиздигенин бул технология адамдын саламаттыгына терс таасир тийгизет деген туура эмес ушактар жүрүп келет. Чынында 5G адамдарга бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт. Биринчи кезекте интернет байланыштын сапаты жакшырат, анын жардамы менен технологиядагы татаал маселелерди чечсе болот. Читать дальше...



Руслан Казакбаев: зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жер титирөөгө байланыштуу соңку кырдаал тууралуу "Азаттыкка" учкай маек берди. Анын маалымдашынча, зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар. Учурда алар менен байланышып, жардам берүүгө аракет көрүлүп жатат. Элчинин айтымында, айрым аймактарда жашагандар менен байланышуу кыйын болууда. Казакбаев учурда Кыргызстанда Түркияга жардам жеткирүү маселеси чечилип жатканын кошумчалады. Расмий Бишкек 6-февралда 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн. Читать дальше...

Фейктер боюнча мыйзам сөз эркиндигине каршы иштеп жатканы белгиленип, аны өзгөртүү сунушталды

Azattyk.org 

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү, ага өзгөртүүлөр киргизилгенче сайттарды бөгөттөөгө мораторий киргизүү сунушу бүгүн 7-январда Бишкекте өткөн “тегерек стол” талкуусунда айтылды. “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Читать дальше...

Исмаил Исаков: “Азаттыктын” жабылышына жол берилсе, терс жагдайлар түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда демократиянын түптөлүшүнө, анын баалуулуктарынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон “Азаттык” радиосунун жабылышына жол бериле турган болсо бир катар терс жагдайлар түзүлөрүн 7-февралда Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланган жыйында саясатчы Исмаил Исаков билдирди. Ал “Азаттыкты” жабам дегендер конституциялык талаптарды бузуп жатышканын, алар бийликке пайдасына караганда зыяны көп “жардамын” берип калышарын айтып, Кыргызстандын коңшуларга караганда сөз эркиндиги бар, демократиялык... Читать дальше...

Венера Жуматаева: Азыр ЖМКны жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес

Azattyk.org 

"Азыркы заманда маалымат каражатын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес", - деди 7-февралда Бишкекте сөз эркиндигинин жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып радионун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева. Ал "Азаттыкты" бөгөттөө аракети башталгандан бери медианын өзүнүн ишинде өзгөрүү болбогонун, азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөр шартында маалымат каражатын жаап коюу мүмкүн эместигин белгиледи: “Биз мурда кандай иштесек, ошондой эле иштеп жатабыз. Баткенге биздин кабарчылар биринчи болуп жетип барып... Читать дальше...

ТИМ: Аданада он кыргыз жараны коопсуз жайга жайгаштырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата маалыматына ылайык, Түркиядагы жер титирөөдө курман болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү.  ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады. Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк... Читать дальше...

Бишкекте Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Azattyk.org 

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 7-февралда белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага маркумдун жакындары, депутаттар жана коомдук-саясий, жана маданий ишмерлер катышты. Базаров 6-февралда 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл... Читать дальше...

Медиа тармагы: Маматокторов репрессиялык мыйзамдар болбошу керектигин айтты

Azattyk.org 

Бишкектеги сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” азыркы абалы талкууланган жыйында медиа эксперт Шаирбек Маматокторов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу керектигин айтты. Ал бул документке өзгөртүү киргизилсе деле абал баары бир жакшырбасын, мындай репрессиялык мыйзамдар такыр болбошу керектигин  айтты. “Аны оңдоп-түзөп, башка формада кабыл алабыз дегенибиз туура эмес. Мыйзам кабыл алуунун принциптеринде жарандардын жашоосун оорлото турган мыйзамдарды кабыл албаш керек. Читать дальше...

Түркия менен Сирияга алаамат салган зилзала

Azattyk.org 

Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 4 миңден ашты. Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Текебаев: былтыр 382 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 8,7 млрд. сом короду

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 7-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде  жол тармагы тууралуу маалымат берди.  Ага ылайык, былтыр жол курууга 8,7 миллиарддан ашык сом жумшалганын билдирди. "Анын ичинде бюджеттик жолдорду кармоого 2,8 миллиарддан ашык сом, капиталдык салымдардын эсебинен жолдорду курууга 5,2 миллиарддан көп сом бөлүндү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Бул каражатка жалпысынан 382,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Мындан сырткары инвестициялык... Читать дальше...

Жанар Акаев жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүү керектигин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Бишкектеги сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” азыркы абалы талкууланган жыйында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору бир жуманын ичинде парламенттин тиешелүү комитетине жөнөтүлөрүн билдирди. Анын маалымдашынча, бул долбоор медиа мекемелерге өз позициясын далилдөөгө шарт түзүп берет. Ошондой эле бийликтин каалаган сайтты жаап салуу аракетин татаалдаштырат. "Бул мыйзам долбоорун кабыл албасак, азыркы тенденция абдан кооптуу. Читать дальше...

Транспорт министрлиги: Кытайга каттаган 1,5 миңдей айдоочу визага муктаж

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен 6-февралда Бишкекте жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле, Кытайга каттаган, жүк ташыган айдоочуларга виза берүү маселеси көтөрүлдү. "Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган, эл аралык жүктү ташыган айдоочуларга виза берүү шарттарын карап чыгуу талкууланды. Читать дальше...

ИИМдин көзөмөл камералары суроо жаратты

Azattyk.org 

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган 500дөн ашык камера иштеп жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) күнү-түнү байкоо салып турган мындай камераларды Бишкектин бардык райондоруна орнотууну сунуштады. Мекеме бирок жабдыктар каяктан алынып келгенин, жарандардын чогултулган маалыматы каякта сакталары тууралуу маалымат бере элек. Кишини жүзүнөн тааныган камералар Кыргызстанда 2019-жылы коюла баштаган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда укук бузууларды... Читать дальше...

Бишкек: жалган маалыматтан коргоо мыйзамынын кесепети талкууланууда

Azattyk.org 

Бишкекте "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” деген аталыштагы жыйын өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзамдын нормаларын аткаруу тажрыйбасы, сөз эркиндигинин абалы тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда бул документтин айынан " Азаттык Медиа” баштаган бир катар эркин медиаларга карата кысым башталганы белгиленүүдө. Читать дальше...

Түркияда бир жумалык аза күтүү жарыяланды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир жумалык аза күтүү жарыялады. Соңку маалыматка караганда өлкөдө зилзаладан курман болгондордун саны 2900дөн ашты, дагы 16 миңге чукул киши жараат алды. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат жана каза болгондордун саны улам көбөйүүдө. Коңшу Сирияда мерт болгондордун саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады. Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка... Читать дальше...

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 47,1 миллион доллар сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк жыл башынан бери экинчи жолу интервенция жасап, дагы 47,1 миллион доллар сатты. Бул маалыматты аталган банк расмий сайтына жарыялады. Улуттук банк 10-январда 2023-жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, 104 миллион 250 миң  долларды сатыкка чыгарган жана бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция болуп калган. Анын алдында, 20-декабрда 87,5 млн. долларды сатыкка чыгарган. Бул банктын өкүлү Аида Карабаева алдын ала эсепке ылайык, былтыркы  интервенциялардан 9 миллиард сом киреше табылганын билдирген. Читать дальше...

Зилзала кесепети: Түркия менен Сирияда каза болгондор 4 миңге чамалады

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады. Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда жана мындан улам курман болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.  Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *