Шинжаңдагы "лагерден" чыккан этникалык казак алты жылдан кийин үй-бүлөсүнө жолукту
Кытайдын Шинжаң аймагынан Казакстанга келген этникалык казак Сарсенбек Акбар дээрлик алты жылдан бери көрө элек үй-бүлөсүнө жолукту. Бул маалыматты анын жубайы Гүлнур Косдаулет ырастады. Ал буга чейин башка жарандар менен бирге Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияларга катышып, Шинжаңда кармалган күйөөсүн бошотууну талап кылган. Маалыматка караганда, Сарсенбек Акбар Кытайда үч жылга жакын "лагерде" кармалып, кийин эки жылдай үй камагында болгон. Кытай консулдунун алдындагы акциялардын... Читать дальше...