Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 14.02.2023

Түркияга жардам эсебине 14 миллион сомдой каражат чогулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Финансы министрлиги бүгүн, 14-февралда саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн. 962 603.7 сом жана 12 550 рубл түшкөнүн маалымдады. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда. 13-февралда Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон районунун жашоочулары жер титирөөдөн жабыркаган түрк элине кийим-кече... Читать дальше...

Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?

Azattyk.org 

Канткенде үйдүн, кеңсенин ичине кирип келген түтүндөн кантип арылабыз? "Жашыл планета" подкастынан өндүрүшү, калкы, экономикасы жагынан кыйла үлкөн Кытай мамлекети ыш маселесин кантип чечип жатканы тууралуу кеп кылабыз.

УКМК: Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Ж. Ж. С. аттуу жаранды "уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар" деген шек менен кармаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, шектүү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. "Ж.Ж.С. физикалык күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү... Читать дальше...

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 40,2 миллион доллар сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк 13-февралда валюта базарына 40,2 миллион доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү жолу интервенция жасады. Акыркы жолу 7-февралда 47,1 миллион доллар сатса, андан мурун 10-январда 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция болуп калган. Жыл башынан бери башкы банк саткан доллардын жалпы суммасы 191,57 млн долларга жетти. 2022-жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Читать дальше...

Германияга барган студенттер укугу бузулганын даттанды

Azattyk.org 

Былтыр жaйкысын Германияда иштеп келген студенттер укугу бузулуп, айлык акысын толук албаганын айтып чыгышты. 20дан ашык студент Социалдык өнүктүрүу жана эмгек министрлиги, Германиядагы Кыргызстандын элчилигине арызданышкан. Ал эми студенттерди ишке жиберген компания укук бузууларды четке кагууда.

Жапаровдун Будапешт сапары

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияда расмий сапары менен жүрөт. Будапешт - мамлекет башчынын Европа өлкөлөрүнө жасаган биринчи сапары болуп калды. 13-февралда Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушту.  Алар алгач бетме-бет форматта, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшкөн.  Президенттер  эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду.  Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков эки... Читать дальше...

Кыргызстандык студенттер үчүн Венгрияда окууга 200 орун берилет

Azattyk.org 

Венгриянын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун бериле турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияга сапары учурунда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө жетишилди. Венгрия "200 Stipendium Hungaricum" программасынын алкагында бөлөт. "Биз мындан ары да бул багытта кызматташууну бекемдөөгө даярбыз. Ушул күндөрү Будапештте алгачкы жолу кыргыз-венгер ректорлорунун жыйыны өтүп жатат. Читать дальше...

Түркия менен Сирияда зилзаладан каза болгондордун саны 37 миңден ашты

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 37 миңден ашты. Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) маалыматына караганда, зилзаладан набыт болгондор 31 643 кишиге жетти. Ал эми Сириядагы жоготуулар 5714 болгонун Бириккен Улуттар Уюму кабарлады. Урандылардын алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатат. 13-февралда бир үй-бүлөдөн үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала тирүү куткарылганы кабарланды. Алар... Читать дальше...

Кыргызстан-Венгрия: стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак 13-февралда эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. "Тараптар эки тараптуу саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана кыргыз-венгер Стратегиялык кеңешинин алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо ниетин билдиришет", - деп жазылган документте. Читать дальше...

Түркия: Зилзалада жабыркагандар үчүн тигилген боз үйлөр

Azattyk.org 

13-февралда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкканын билдирди. Жекшембиде Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Алар дары-дармек, медициналык жабдууларды, күндөлүк керектелчү буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл нерселерди, ошондой эле 75 боз үй алып кетишкен. Кахраманмараштагы боз үйлөр 13-феавралда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *