Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 15.02.2023

Ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлер эскерилүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн 15-февралда ооган согушунун курмандыктарын  эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуусунда президент Садыр Жапаров он жылга чукул созулган согушта миңдеген кыргызстандык да болгонун, алар "аскердик антка бекем туруп, эбегейсиз эрдик, эстен чыккыс баатырдык көрсөтүшкөнүн" белгиледи. Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" советтик аскер катарында 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Читать дальше...

Баткен: күйгөн чайкананын кенемте күткөн ээси

Azattyk.org 

Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну чек арага жакын жерде 2005-жылы чайкана курган. 2013-жылы тажикстандыктар чек арага жакын жерде чайкана иштетүүгө каршы чыгып, өрттөп кеткенден кийин, оңдоп-түздөп, кыргыз чек арачыларына убактылуу пайдаланууга берген. Былтыр сентябрдагы чатакта чайкана кайрадан өрттөлүп, ушул күнгө чейин оңдолбой турат. Чайкана ээси аны калыбына келтирүүгө мамлекеттен көмөк сурап жатат.

Түркияда кыргыз куткаруучулары жалпысынан беш адамды аман алып чыгышты

Azattyk.org 

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кыргызстандык адистер уранды астынан жалпысынан беш адамды аман алып чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-февралда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сегиз күн ичинде кыргызстандык куткаруучулар жалпысынан 154 адамдын сөөгүн табышты. 6-февралда Түркия менен Сирияда эки өлкө чектешкен аймакта катуу жер титирөө болуп, Түркияда каза тапкандар 35 миңден ашты, Сирияда 6 миңге чамалады. Читать дальше...

"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Адвокат Акмат Алагушев «Азаттыкка» билдиргендей, судья ишти тынчтык жолу менен жабуу ыктымалдыгын сураштырганда доогер тарап андайга макул эместигин билдирди. Кийинки отурум 28-февралга белгиленди. Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган “"Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган. Читать дальше...

Өскөн Даникеев: Мен бактылуумун

Azattyk.org 

Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев “жазуучу болом деп дегеле ойлогон эмесмин” дейт. Анын негизги кесиби – тоо инженери. Кыргыз адабиятына алтымышынчы жылдары кирип, "Кыздын сыры", “Бакир”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Арман” "Көкөй кести" ж.б. аңгеме, повесть, романдары менен таанылган. “Сызма геометрия” окуу куралын кыргыз тилинде жазган. Жазуучу өмүрүндө өтөгөн иши, замандаш-калемдештери, мекендин, кыргыз тилинин, карылыктын кадыры тууралуу Бурулкан... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков менчик ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганына байланыштуу Бишкектеги менчик клиникалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, Жээнбеков ооруканага бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастап, Жээнбековдун абалы канааттандырарлык деп сыпатталып жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Түркия: "Элге жашаган үйлөрүн мүрзө кылып бердиңер"

Azattyk.org 

Түркияда зилзалада кыйраган үйлөрдүн курулушу боюнча тергөө-иликтөө иштери башталып, 130дан ашуун киши суракка чакырылып, аларды тогузу камалды. Түрк оппозициясы бийлик курулуш тармагындагы эрежелер менен нормаларга көз жуумп келгенин, мындан улам апааттын масштабы чоң болгонун айтууда. Жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы кыйрап түшкөн ондогон турак-жайдын арасында калыбынан жазбаган бир көп кабат имарат көзгө урунат. Бул үй куламак турсун, терезелеринин айнектери да дээрлик сынган эмес. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *