Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 17.02.2023

“Ягода плюска" ишенип сызга отурган кыз-келиндер

Azattyk.org 

Дагы бир каржы пирамидасынан жабыркап, акча жоготкондор "Азаттыкка" кайрылды. Бул ирет сөз “Ягода плюс” аттуу онлайн-тиркемеси тууралуу болуп жатат. Бул оюнду ойноп, тез жана эч кандай күч-аракет жумшабастан акча табууну каалагандар каражатынан кол жууган.

"Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу сотко тергөөчү келген жок

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Азаттыктын" банк эсебин бөгөттөө боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арызы каралмак. Арызда радионун банк эсебин бөгөттөөгө негиз делген документтерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербеген Жапековдун аракеттеринин мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү келтирилген. Тергөөчү соттук процесске эч себепсиз келбегендиктен арызды кароо 21-февралга жылдырылды. Ишти караган судья Тилек Турдукулов кийинки процесске тергөөчү Жапековду камсыз кылууну тапшырды. Читать дальше...

ЕБРР Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17,8 млн. евро бөлөт

Azattyk.org 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Ош облусундагы Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн. 870 миң евро бөлөт. Жогорку Кеңеш буга байланыштуу кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин 16-февралдагы жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов каражат 15 жылга берилип жатканын айтты. Анын төрт жылы жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилет. “Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында... Читать дальше...

"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызы 2-мартта каралат

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантат. 17-февралдагы отурумда тараптар өз жүйөлөрүн келтирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал чыккан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” юридикалык жак катары Кыргызстанда катталган-катталбаганы тууралуу Юстиция министрлигине кат жөнөтүлмөй болду. Читать дальше...

Кар көчкүдөн улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 302-303-чакырымына түшкөн кар көчкү түнкү саат 12.30 чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан өзгөчө кырдаал киргизилип, адамдардын жол каттамы 19-февралга чейин жабылды. Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Нарындагы өкүлчүлүк айдоочуларды... Читать дальше...

ИИМ Бишкекте үч кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаарында энесин жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда кабарлады. Маалыматка караганда, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып... Читать дальше...

"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызы каралууда

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын карап жатат. Сотко “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Асанов, адвокат Акмат Алагушев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери катышууда. Министрликтин өкүлдөрү соттук жараянды фото-видеого тартууга тыюу салуу өтүнүчүн берди. Адвокат Акмат Алагушев ага каршы болуп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *