Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 20.02.2023

Санарип өнүктүрүү министрлиги чалууларга байланыштуу Xiaomi Redmi компаниясына кайрылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Xiaomi Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонунан 101, 102, 103 кызматтарына түз чыгууга мүмкүн болбой, чалуулар мекеменин 112 кызматына түшүп жатканын кабарлады. ӨКМ буга Xiaomi Redmi системасынын акыркы жаңылоосунда жогоркудагы номурларга түз чалуу багыттамасы жаңыланган эмес деп түшүндүрдү. Маселени чечүү үчүн Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлиги Кытайдын Xiaomi Redmi компаниясына расмий кат жолдоду. ӨКМ 101, 102, 103... Читать дальше...

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр 207 арыз түшкөн

Azattyk.org 

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр бир жыл ичинде 207 арыз түшкөн. Алардын 82си кыйноого байланыштуу болгонун мекеме жыл жыйынтыгы боюнча маалыматында билдирди. Ырайымсыз мамилеге байланыштуу 62, камак шарты боюнча 22 арыз-даттануу болгон. Борбордун кызматкерлери жыл ичинде жабык жайларга жалпысынан 919 жолу барышкан. Мыйзамсыз кармалып тургандарга, кармоо мөөнөтүнүн бузулушуна, камактагы шарттарга, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүнө байланыштуу 131 акт түзүлгөн, анын 65% милиция органдарына... Читать дальше...

Султанбаев менен Орунбеков талкууга түшкөн жолугушуу жөнүндө билдирүү таратты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 20-февралда Фейсбукта удаа билдирүү таратышты. Анда Садыр Жапаровдун жана мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу сөз болгон. Султанбаев бардык тараптардын кемчилиги менен жакшы жактары дагы болгонун айтып, социалдык тармактардагы талаш-тартыштарды токтотууга чакырган. “Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн... Читать дальше...

"Мекен шейиттери" Жапаровго кайрылуу жолдойт

Azattyk.org 

2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук уюму Курманбек Бакиевге байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган бирикменин теңтөрагасы Арстанбек Сагындыков билдирди. Ал Дубайда Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин дагы катышканын сынга алды. Сагындыков оор кылмыштарга айыпталып, соттолгон адам жазасын алышы керектигин билдирди. "Курманбек Бакиевди бул жакта биз дагы күтүп жатабыз, ал келери менен түрмөгө отурушу керек. Читать дальше...

Өспүрүм кыздарды рак илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иши күчөтүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, эмдөө башталган толук эки ай аралыгында вакцина ала тургандар 68% камтылды, алардын арасынан календарга ылайык 11 жашта эмделе тургандар боюнча көрсөткүч 62-63% болду: “Бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Ата-энелер жакшы кабыл алды. Бул өтө коркунучтуу оору. Дарыгерлер, тилекке каршы... Читать дальше...

УКМК Жалал-Абадда беш киши экстремисттик уюмдан чыкканын билдирди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунунун беш тургуну “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 20-февралда маалымдады. Атайын кызмат алар буга чейин экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкенин билдирди. “Өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти”... Читать дальше...

Кыргызстан Түркиядагы куткаруу миссиясын аяктоодо

Azattyk.org 

Түркияда иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулардын миссиясы аяктап жатканын бүгүн 20-февралда бул өлкөдөгү элчи Руслан Казакбаев билдирди. Элчинин айтымында, алар жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 100дөн ашуун адамдын сөөгүн алып чыгышты. “Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кахраманмараш шаарында ачкан мобилдик госпиталь түрк тарапка пайдаланууга өткөрүлүп берилди. Бүгүн Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгынын (AFAD) борбордук кеңсеси... Читать дальше...

Ошто медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалган

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы медреседе катуу сабалган окуучу тууралуу маалыматты ырастап, билдирүү таратты. Анда өткөн жылдын 9-декабрында Оштогу уруксат кагаздары жок медреседе 12 жаштагы өспүрүм катуу токмок жеп, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылат. Оштун Ноокат райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш козгоп, аны 13-12 жаштагы эки бала сабаганы аныкталган. Милиция шектүүлөрдүн жашы 14кө толбогондуктан кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Читать дальше...



ЭлТР телеканалы "ПолитКлиниканы" сотко берди

Azattyk.org 

ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” басылмасын сотко берди. Бул тууралуу аталган басылма сайтына жазды. Маалыматка ылайык, мамлекеттик телеканал “ПолитКлиника” медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган "ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деп аталган видеосуна байланыштуу сотко кайрылган. “ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген. Компания басылмадан аталган материалды интернет... Читать дальше...

Тогуз-Тородо кар көчкүдөн бир киши каза болду

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 45 жаштагы киши кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Министрликтин маалыматында, 19-февралда Атай айылынын жашоочусу жылкы карап тоого кеткен. Саат 15:00 чамасында тоодон көчкү түшүп, маркум кардын алдында калган. Жанындагы эки киши аман-эсен куткарылды. Жыйырмадай куткаруучу жана жергиликтүү тургундар сөөктү 18:00дө алып чыгышкан. Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга... Читать дальше...

Ажы башчыга алданып калганын айткандар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Алданып, умрага бара албай калганын айткан 30дай адам бүгүн 20-февралда муфтияттын алдына митингге чогулуп, бийликтен жардам сурашты. Акцияга чыккандар “Азаттыкка” айтып беришкендей, алар, жалпысынан 44 адам, 17-февралга караган түнү умрага учуп кетишмек. Бирок умра сапарын уюштуруу менен алектенген фирма ажы башчы аларга тийиштүү акчаны толук бербегенин билдирип, сапар үзгүлтүккө учураган. Муфтияттын өкүлдөрү келишим алар менен түзүлбөгөндүктөн бул ишке эч тиешеси жоктугун айтышкандан кийин... Читать дальше...

Пиязды сыртка сатууга тез арада уруксат берүү сунушталды

Azattyk.org 

Пиязды экспорттого уруксат берүү маселеси бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде көтөрүлдү. Депутат Ырысбек Атажанов тонналаган пияз кампаларда жатканын, тез арада сыртка чыгарууга уруксат берилбесе анын баары жараксыз болуп каларын айтты: «Азыр дыйкандарга жол ачып бербесек бир айдан кийин пиязды таштандыга ыргытышат. Пиязды күнүгө жебейбиз го. Ички базарга жетиштүү эле. Жол ачып бербесек баасы түшүп кетет. Канчалаган тонна жатат кампаларда». Айыл чарба министринин... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек ара бекетине электрондук кезек киргизилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” чек ара бекетине каттамдарды жакшыртуу үчүн электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн. 17-18-февралда эки өлкөнүн тийиштүү органдары жолугуп, кыргыз тарап Өзбекстан тараптын чек ара бекетиндеги электрондук кезек системасы менен таанышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Министрлик пилоттук долбоор ишке ашса, Борбор Азияда чек арада электрондук кезек киргизген биринчи өлкөлөр болуп каларын белгилейт. Учурда Кыргызстан менен... Читать дальше...

Жаңы салык эрежелерине каршы акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада бүгүн 20-февралда майда соода менен алектенген ишкерлердин акциясы өтүп жатат. “Азаттыкка” өзүн Адина Камбарова деп тааныштырган ишкер кайрылып, жүздөй адам чогулуп турганын, алар өкмөткө салык боюнча жаңы эрежелерге каршы экенин билдирип чыгышканын айтып берди: “Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айыппул салышат. Читать дальше...

USAID колдогон кыргыз компаниялары

Azattyk.org 

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) кыргызстандык ишкерлерге, билим берүү тармагына каржылык жардам берүүнү улантууда. 2018-жылдан бери “Конкурентүү ишкана” долбоору аркылуу 120 компания грант алса, 2024-жылга чейин Кыргызстандагы мектеп окуучуларына 18 млн. доллардан ашык каражат бөлүнөт.

Москвадагы жапырт мушташка кыргызстандык мигранттар да аралашканы кабарланды

Azattyk.org 

Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармады. Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын сайты 19-февралдагы жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканын жазды. Азырынча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктардын кармалганы боюнча маалымат тарата элек. Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. Читать дальше...

Аскар Акаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады

Azattyk.org 

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу жөнүндө орус тилинде жазылган каты жарыяланды. Кат Акаевге таандык экенин жакындары ырастады.  Анда Аскар Акаев мурдагы президенттердин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет экенин жазган. “Албетте, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдиги жана ырааттуулук – өлкө президентинин конституциялык негизги жана түз милдети. Ал бул милдетин иш жүзүндө толук кандуу аткара баштаганы кубандырат. Читать дальше...

Адвокат: “Азаттыкты" жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызы негизсиз

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум башталды. Анда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев доогер тараптын арызы так жазылбаганын кабарлады. “Өздөрүнүн доо арызында кандай талап коюлганы так жазылган эмес. Жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу же “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу талабы жазылганбы? Ошол так болбой калган. Мурунку... Читать дальше...

Ашууларда кар көчкүнү атып түшүрүү уланууда

Azattyk.org 

Чүйдүн Жайыл районундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери бүгүн, 20-февралда дагы уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Министрлик жолго чектөө киргизилери тууралуу кабарлаган жок. Буга чейин Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 197-чакырымында кар көчкүнү атып түшүрүү иштерине байланыштуу убактылуу чектөө киргизилген. Жол саат 19:00дө ачылган. Транспорт жана коммуникация министрилиги 19-февралда саат 18.30га алынган ыкчам маалымат боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт... Читать дальше...

Адабий сындын кереги эмне?

Azattyk.org 

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Ар кандай иштин мыкты жактары менен катар кемчилигин, каталарын таап, талдоого, себептерин аныктоого дайым умтулган шартта гана аны жакшыртууга жол ачылат. Жалпы эле сын пикирсиз өнүгүү мүмкүн эмес, тескерисинче, жетишилген ийгилик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *