ВИЧти өз алдынча аныктай ала турган тест-системалар бекер таратылат
Кыргызстандыктарга ВИЧке өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгүн бере турган долбоор иштей баштады. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен бүгүн 21-февралда ишке ашырыла баштаган долбоор алкагында тест-системалар Бишкектин, Оштун жана Чүй, Ош облустарынын аймагында жайгашкан 32 дарыканада бекер таратылат. Долбоорду ишке ашырууга "Неман-Фарм" компаниясы көмөктөшөт. ВИЧ бар же жогун шилекей аркылуу аныктай ала турган тест-системаны каалоочулар www.epictest.live сайты аркылуу каттоодон өтүп ала алышат. Читать дальше...