"Айыз тууралуу айткандан коркот". Өспүрүм кыздар үчүн тиркеме
Кыргызстанда өспүрүм кыздардын репродукциялык ден соолугуна арналган мобилдик тиркеме иштей баштады. Ал аркылуу кыздар айыз цикли жөнүндө маалымат жана ачык айта албаган бардык суроолоруна жооп ала алышат. Кыргыз коомунда кыз-келиндердин айыз темасы анча козголбойт. 26 жаштагы Нуркан Тайматова Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде психология адистиги боюнча билим алып жатат. Ал "Оку" тиркемеси үчүн аймактардагы өспүрүм кыздардан маалымат топтоп келген. "Биз өлкөнүн ар аймагына барып, фокус группа туздүк. Читать дальше...