Талибдер “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки мүчөсүн жок кылганын жарыялады
“Талибан” кыймылынын коопсуздук аскерлери Кабулдагы рейд маалында “Ислам мамлекети” террордук уюмунун эки мүчөсүн жок кылганын, дагы бирөөнү кармаганын талибдер жетектеген өкмөттүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдирди. Уюмдун жергиликтүү канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Талибандын” атаандашы болуп эсептелет. Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери ал жоочулар Ооганстанда чабуулдарын күчөттү. Мужахиддин айтымында, 27-февралга караган түнү болгон рейд “Ислам мамлекети”... Читать дальше...