Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 04.04.2023

АКШ дипломаттары камактагы журналист менен жолуга албай жатканын билдирди

Azattyk.org 

АКШ бийлиги The Wall Street Journal басылмасынын Москвадагы кабарчысы Эван Гершковичти бошотуу үчүн бар аракетин жумшап жатат, бирок элчиликтин кызматкерлери аны менен азыркыга чейин жолуга элек. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги америкалык дипломаттардын журналист менен кездешүүсүнө шарт түзүлгөнүн маалымдаган. Дүйшөмбүдө Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Алексей Мельников жана Коомдук байкоочу... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, жамгыр себелесе, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21; Баткен... Читать дальше...

Бишкектеги Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү каралууда

Azattyk.org 

Бишкекте Максим Горький көчөсүн Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүү маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура мекемесинин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, бул маселени шаардык бийлик органдары талкуулап жатат. “Көчөнүн аталышын өзгөртүү маселесин комиссия карай элек”, - деп айтылат маалыматта. Заид ибн Султан Аль Нахайян– Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти (1971-2004), Абу-Дабинин 17-эмири (1966-2004). Читать дальше...

Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элек

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланып жатканын билдирди. Куткаруучулар төрт күндөн бери издөө ишин жүргүзүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 112 кызматына 2009-жылы туулган М.Ф жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жана издөө 1-апрелде башталган. Ишемби күнү өспүрүмдү куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган жүздөй адам издеген. Читать дальше...

ИИМ маңзат соодасына байланыштуу үч киши кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-апрелде буга чейин социалдык тармакта маңзат соодасына байланыштуу курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди. Мекеме 4-апрелде билдиргендей, курьерлерди сабагандар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Принцесса Дури” деген интернет дүкөнүнөн кечирим суроого мажбурлашкан. “3-апрелде Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган. Шектүүлөрдүн... Читать дальше...

Кыргыз тилин акысыз үйрөткөн Виктория

Azattyk.org 

Немис кызы Виктория бир жыл мурда кыргыз тили боюнча курс уюштурган. Учурда каалоочуларга акысыз тил үйрөтөт. Бала чагынан кыргызча түш жоруган Викториянын сабагына кыргызча үйрөнгүсү келген бардык улуттун өкүлдөрү келет.

Президент бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү ага кийлигишпей турганын билдирди. Мамлекет башчы бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде айткан. Журналисттин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого байланыштуу “кайсы бир талапкер президентке кирип жолугуп, батасын алыптыр" деген сөздөр айтылып жатканы туурасында сураган. "Эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Читать дальше...

"Бешинчи каналдын" кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

Azattyk.org 

Мамлекеттик "Бешинчи каналдын" эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, телеканалдын маселесин чечип берүүнү өтүндү. 3-апрелде "Бешинчи каналдын" YouTube баракчасына жарыяланган видеодо кызматкерлер төрт айдан бери жумушсуз отурганын, аларга алдыда кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу маалымат берилбегенин айтышты. “Башында каналды мэрияга өткөрүп беребиз дешкен. Бирок мэрия башка нерсени айтып жатат. Бул жерде 60тан ашуун киши иштейт. Биз бул боюнча көп жакка кайрылдык. Канал толугу... Читать дальше...

Үч-Коргондогу "Манасты" даңктаган тажиктер

Azattyk.org 

Кыргызстандагы көп улуттуу айылдардын бири Үч-Коргон - Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан. Бул айылдагы калктын басымдуу бөлүгүн тажик улутундагылар түзөт. Кыргызстандык тажиктер кыргыз тилин окуп, Манас айтып, башка улуттар менен жакын ымалада жашайт. "Данисте" бул жолу Үч-Коргондун турмушун көрсөтөт.

Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Орусиядан алып келинген. 31-марттан тарта ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алары айтылды. "Азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү... Читать дальше...

Ошто көчөдө жарамазан айткан балдардын ата-энелерине айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Ош шаардык милициясы "Кароосуз калгандар" деген аталыштагы ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм аныкталганын кабарлады. Алардын арасында коомдук жайларда, көчөдө жарамазан айтып жүргөн балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин эки беренеси боюнча (74-102) айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм жеткирилсе, 14 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *