Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 18.04.2023

Бишкекте айрым мектептерге бомба коюлганы тууралуу кабар түштү

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 18-апрелде айрым окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат түшкөндөн кийин бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор иштеп жатат. Ал жерлерди күч органдарынын кызматкерлери курчоого алганы да белгилүү болду. Милиция билдиргендей, кабар № 67, 90, 63, 51 жана бир катар мектептер боюнча түшкөн. Kaktus.media басылмасы Борбор Азиядагы Америка университетинин лицейинде, Кыргыз-орус... Читать дальше...

ЭлТР каналынын “ПолитКлиникага” каршы арызы сотто карала баштады

Azattyk.org 

18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча алдын ала угуу өттү. Ишти райондук соттун судьясы Жамиля Акылбекова карай баштады. Доогер жана жоопкер тараптын өтүнүчү менен соттук жараянды видеого тартууга уруксат берилди. ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүн кийинки сотко күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтирип, судья аны канааттандырды. “ПолитКлиниканын”... Читать дальше...

Окуучуларды митингге чыгарган чырдын чоо-жайы

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын алдындагы окуучулар катышкан митинг социалдык тармактарда кайчы пикирлерди жаратууда. Айрымдары буга мектеп жетекчилеринин тиреши себеп болуп жатканын айтса, айрымдары окуучуларды митингге аралаштыргандарды айыптады. "Милициялар балдарга кол көтөрдү" 17-апрелде эртең менен гимназиянын алдында орун алган митингде окуучулар колуна плакаттарды көтөрүп, мектеп директору Нургүл Матканованын кызматтан алынышына каршылыгын билдирип чыгышкан. Читать дальше...

“Сомду киргизүүнү Орусияга, кошуналарга айткан эмеспиз”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев болду. Ал кыргыз волютасы – сом кандай жагдайда, кандай зарылчылыктан улам жүгүртүүгө киргизилген, ага Орусиянын, кошуна мамлекеттердин мамилеси кандай болгон кайсы жерде басылган, улуттук акча кантип жасалгаланган, экономиканы турукташтырууга кандай өбөлгө түзгөн ж.б. суроолорго жооп берди.

Сосновка бекетинде автоунааларга кирген чектөө толугу менен алынды

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 18-апрелде саат 9:00дон тарта оор жүк ташуучу автоунааларга кирген чектөө алынганын билдирди. Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат. Аталган министрлик кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга, ошол эле күнү саат 14:40тан тарта жеңил автоунааларга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган. 17-апрелдин кечинде жеңил автоунааларга кирген чектөө алынган. Читать дальше...

Суданда Европа Биримдигинин элчисине кол салуу болду

Azattyk.org 

Судандын Хартум шаарында Европа Биримдигинин элчиси Эйдан О'Харага кол салуу болду. Бул тууралуу аталган уюмдун тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррель Твиттердеги баракчасына жазды. Анда "Вена конвенциясы (дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн макамы тууралуу жобо) одоно бузулду. Эл аралык нормаларга ылайык, дипломатиялык миссиялардын жана алардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздлоо Судан бийлигинин биринчи милдети" деп белгиледи. Ал кол салуунун чоо-жайын тактаган жок, бирок элчиде баары жайында экенин билдирди. Читать дальше...

Баткен: чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда чек арадагы аймактарда жашаган тургундардын сайлуу аңчылык курал сатып алышынын жол-жобосун тактаган тескеме чыгарды. "2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу Баткен жана Лейлек райондорунда туруктуу жашаган кыргыз жарандарына сайлуу аңчылык курал сатып алууга алардын менчигинде беш жылдан кем эмес мөөнөттө ок атуучу аңчылык сайсыз курал болсун деген талабы жок уруксат берилсин. Ички... Читать дальше...

Судецтин күйөөсүнүн “Евразиялык сактык банкындагы” изи

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси кызматынан кетип жаткан Евгения Судец өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы жоктугун белгиледи. Бирок расмий базалардагы маалыматтар анын үй-бүлөсүнүн Бакиев-Ширшов чөйрөсүндөгү чаташкан издерин көрсөтүп турат. Судецтин жолдошу Владимир Андросик жакында Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы "Евразиялык сактык банкынын" 2,9% акциясын сатып алды. Эмне үчүн бул иштер бакиевдик-ширшовдук күмөндүү схемаларды эске салат? Читать дальше...

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев кармалды

Azattyk.org 

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  Мунун алдында УКМК аталган ишканадагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген. "Муниципалдык ишканада туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Анда бир катар үйлөр аталган ишкананын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Читать дальше...

Орусия: армияга электрондук чакыруу жөнөтүү ушул жаздан башталат

Azattyk.org 

Орусияда 1-апрелден тартып башталган армияга жазгы чакырууда электрондук ыкма колдонулат. Бул тууралуу Москванын аскер комиссары Максим Локтев билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакыруу "тест режиминде" жүргүзүлөт. Ал бул саамалык Москвада эле колдонулабы же башка аймактарга дагы таратылабы дегенди тактаган жок. Локтев чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы, телефон жана СМС аркылуу жөнөтүлөрүн белгиледи. Мунун алдында Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Картаполов электрондук жол быйылкы жазгы чакырууда колдонулбай турганын айткан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *