Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 02.06.2023

Токаев "Борбор Азия-Евробиримдик" саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 2-июнда иш сапар менен Кыргызстанга келди. Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышуу үчүн келген казак лидерин Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды. Саммит Чолпон-Атада бүгүн өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель келди. Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов да келди. Ошондой эле саммитке... Читать дальше...

Иши жүрүшпөй аткан мамлекеттик ишканалар

Azattyk.org 

Мамлекеттин үлүшү бар 42 компаниянын айрымдарындагы акциялардын көлөмү аз болсо, көпчүлүгүндө негизги пакетти мамлекет кармап турат. 42 мамлекеттик ишкананын 19у жабык турса, айрымдарынын абалы жакшы эмес.

Дүйнөдө популярдуу D Billions тобунун алгачкы концерти Бишкекте өттү

Azattyk.org 

YouTube каналында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions чыгармачыл тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу Бишкекте жеке концертин берди. "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык салтанатка 30-40 миңдей көрүүчү топтолду. Эртең мененки саат 10до башталган иш-чара кечки 22:00гө чейин уланды. Алгач сахнада кыргыз эстрада ырчылары, бийчилери өнөр тартууласа, кечки 21:00дө D Billions өз репертуарындагы хит ырлардан аткарып беришти. Ар түрдүү темадагы балдар ырларын аткарып... Читать дальше...

Конституциялык сот аялдарга тыюу салынган жумуштардын тизмесин жокко чыгаруу арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Конституциялык сот Эмгек кодексиндеги 218, 303-берене жана аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси бекитилген өкмөт токтому Баш мыйзамга каршы келет деп таануусун суранган арызды кабыл алды. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтында жазылды. Арыз ээси Каныкей Тусучева Кыргызстандын Конституциясында аялдар менен эркектер бирдей укукта экенин, анын ичинде эмгек эркиндиги, кесип тандоодо жыныстык белгилери боюнча басмырлоого тыюу салынарын белгилеген. Тусучева “аялдарга тыюу салынган кесиптердин... Читать дальше...

“Биз Киргизия эмеспиз” кеңейтмеси эл аралык сынакта жеңди.

Azattyk.org 

Веб-сайттардагы “Киргизия” деген сөздү автоматтык түрдө “Кыргызстан” деп оңдогон атайын кеңейтме White Square эл аралык креатив фестивалынын Non-profit/charity (коммерциялык эмес, кайрымдуулук) номинациясында алтын байгеге ээ болду. Бул жөнүндө долбоордун авторлорунун бири Нурсултан Бакыт билдирди. “Биз өз позициябызды билдирип гана тим болбостон, өлкөбүздүн орусча аталышына байланыштуу маселеде креативдүү ыкмабызды эл аралык деңгээлде тааныта алдык”, - деп айтылат авторлордун билдирүүсүндө. White Square - Европадагы ири креатив фестивалы. Читать дальше...

Депутаттарды "кара тизмеге" киргизүү сунушу суу кечеби?

Azattyk.org 

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу талаштуу мыйзам долбоорлорунун демилгечилерин АКШ жана Европа өлкөлөрүнө киргизбей, аларга санкция салуу сунушу айтылды. Мындай өтүнүч менен Бейөкмөт уюмдардын коалициясы Евробиримдик жана АКШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылды. Азырынча дипломатиялык өкүлчүлүктөр эч кандай комментарий бере элек.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *