Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 07.06.2023

УКМК Таш-Көмүр шаардык кеңештин эки депутаты камалганын кабарлады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутаты пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады. Анда 31-майда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Б.С.С. менен депутат С.Н.А. 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат. "Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгарын айтып коркутуп, акча талап кылганы аныкталган. Бул фактыга байланыштуу... Читать дальше...

Астанада таза суу жоктугуна нааразы болгондор жол тосушту

Azattyk.org 

6-июндун кечинде Казакстандын баш калаасы Астанада бир нече комплекстердин тургундары таза суунун жоктугуна байланыштуу жол  тосушту. Ulysmedia.kz басылмасы маалымдагандай, нааразы болгон жарандар сегиз күндөн бери таза суу жок экенин айтып, «Суу бергиле!» деп кыйкырып жатышты. Тургундардын айтымында, таза суу бир аптадан бери түнкү 2 ден 5ке чейин гана берилет. Алар абанын табы 37 градуска жетип жаткан маалда кыйналып жатышканын, керек болсо ажаатканга бара албай калышканын кошумчалашты. Ошондой... Читать дальше...

"Унаанын" машинелерди каттаган системасы дагы үзгүлтүккө учурады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу "Унаа" мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди. Учурда анын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Мекеме мындан улам айдоочулардан кечирим сурап, жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле, каттоо бөлүмдөрүнө барардан мурда 0999 809 877 номуру аркылуу алдын ала маалымат алуу керектигин эскертти. Жыл башынан бери "Унаанын" каттоо системасы бир канча жолу үзгүлтүккө учураган... Читать дальше...

Депутат Акаев мыйзам менен тыюу салуудан мурда альтернатива сунуштоо зарылдыгын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзам менен тыюу салуу жакшы эмес экенин белгилеп, анын ордуна альтернатива сунуштоо зарыл экенин айтты. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 7-июндагы жыйынында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди. "6-чакырылышта дагы тыюу салыш керек, жабыш керек деген мыйзамдарды көп кабыл алдык. Бардыгынын кесепети тийди. Тескерисинче элди кыжырданткан учурлар көп болду. Улуттук баалуулуктар... Читать дальше...

Иран Сауд Арабияда элчилигин кайрадан ачты

Azattyk.org 

Саудиялык маалымат каражаттары кабарлагандай, 6-июнда Иран Эр-Риядда кайрадан элчилигин ачты. Бир нече ай мурда Кытайдын ортомчулугу менен аймактагы эки мамлекет дипломатиялык келишпестикке чекит коюну макулдашкан. Эки мамлекеттин ортосундагы көп жылдан берки касташуу Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч туудуруп келген. Жети жылдан бери жабык турган элчиликтин аймагында өткөн салтанатка ондогон дипломаттары жана бийлик өкүлдөрү катышты. «Бүгүнкү күн Иран ислам республикасы менен Сауд Арабиясынын... Читать дальше...

Катар эмиринин Бишкек сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду

Azattyk.org 

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстандагы сапарынын алкагында өз ара алака-катышты өнүктүрүүгө багытталган 13 документке кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган документтер: Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуусу. Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн аскердик тармакта кызматташуусу жөнүндө макулдашуусу. Кыргыз-катар өкмөттөрүнүн саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуусу. Читать дальше...

“Ош-Баткен-Исфана” жолун куруудагы жемкорлук тууралуу кабарланды

Azattyk.org 

“Ош-Баткен-Исфана” автожолунун курулушунда мамлекетке дээрлик эки жүз миллион сомдой каржылык зыян келтирилгенин бүгүн 7-июнда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сөз 2017-2021-жылдар аралыгында бөлүнгөн акча жөнүндө болууда. Транспорт жана коммуникация министрлиги, Башкы прокуратура билдиргендей, жолдун 75-108-чакырымдарын куруудагы 189 миллион сомдук жумуш аткарылбаганына карабастан аны кабыл алып, пайдаланууга берип койгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”... Читать дальше...

Облустук телекомпаниялардын маяна көйгөйү парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлери үч айдан бери айлык маянасын ала албай жаткан маселе 7-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Бактыбек Чойбеков Талас боюнча айтып, мындай көйгөй бардык облустарда бар экенин белгиледи: "Журналисттердин атынан кайрылуулар келип түшүүдө. Үч ай мурун маданият министрлигинин карамагынан алынып, УТРКга өткөрүлүп берилген. Үч айдан бери журналисттер, операторлор, жалпы жамааты маянасын ала албай жатат. Бул жалаң эле Талас эмес, бардык жети облуста тең ушундай көйгөй жаралып жатат. Читать дальше...



"Бийликти басып алууга" айыпталган беш кишинин төртөө камакта калды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынды, бирөө үй камагына чыгарылды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралганын бул мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Сот УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Роза Нурматованы, Гүлжигит Исаковду жана дагы эки кишини 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Читать дальше...

Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча документтерге кол койду

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болду. Жапаров Катар менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл толгонун, бул убакыт аралыгында саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, эки тараптуу маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи. Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани мындай сапарлар экономикалык жана инвестициялык жактан байланышты жандатуу үчүн маанилүү экенин айтты. Читать дальше...

Кочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды

Azattyk.org 

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 6-июнда тапшырылды. Төртүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын төрт жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди. “Мен кандай өлкөдө жашагым келет” деген темадагы дилбаян сынагына быйыл 21 бүтүрүүчү катышты. Башкы сыйлыкты Сайкал Алтымышова жеңип алды. 2-орунду Болотбекова Албина, 3-орунду Адеми Адамбек кызы жана Алишер Барктабасов утуп алды. Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште Бишкектеги суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында Бишкек шаарындагы суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев шаарда суунун жетишсиздиги чоң маселе жаратып жатканын билдирип, мэриянын маалыматын угууну сунуштады. "Мен үчүнчү жума бул маселени көтөрүп жатам. Бирок бир дагы жылыш жок же өкмөт карабайт, же мэрияда отурум болбойт. Качан бул көйгөй чечиле турганы тууралуу кеңири маалымат дагы берилбей жатат. Барган сайын бул чоң проблемага айланып, эл суу боюнча чыгат", - деди эл өкүлү. Читать дальше...

"Чөлдө жашагандайбыз". Бишкектеги суу тартыштыгы

Azattyk.org 

Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу тартыштыгы күч алды. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары сууга жетпей атканын айтышууда.

Согушка каршы чыккан активист Кыргызстандан Орусияга депортацияланды

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарынын чет жакасындагы аскер комиссариатынын имаратына өрт коюуга тиешеси бар делген активист Алексей Рожков Кыргызстандан депортацияланып, Орусияга жеткирилди. Ал убактылуу тергөө абагында экенин укук коргоочу "Тилектештик аймагы" ("Зона солидарности") долбоору кабарлады. Укук коргоочулар Свердлов облусунун Березовск шаардык соту активистке карата кылмыш ишин кароону жандантканын билдирүүдө. Долбоордун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Читать дальше...

Акылбек Жапаров иш сапары менен Сочиге учуп кетти

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына учуп кетти. Делегациянын курамына министрлер, Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы Кыргызстандын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстандын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү сыяктуу бир нече киши кирген. Читать дальше...

ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качкан адам кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, бир катар оор кылмыштарга шектүү, Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Кушубек Сабыров кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы шектүү 6-июнь күнү Бишкек шаарынан кармалганын тактады. 29 жаштагы Кушубек Сабыров 5-июнга караган түнү Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен. Милиция маалыматында, кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып, нөөмөтчү кызматкерге кайрылып, жардам сураган. Милициянын... Читать дальше...

Бишкек араб дүйнөсүнө эмнеси менен кызык? Катар эмиринин сапары

Azattyk.org 

6-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. Бул эгемендик жылдар ичинде Кыргызстанга араб өлкөлөрүнөн келген алгачкы жогорку даражалуу лидери деп айтылууда. Ал Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүрөт, Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынан кийин Бишкекке келди, андан ары Астана менен Дүйшөмбүгө карай жол алат. Кыргыз өкмөтү Катар эмиринин мамлекеттик сапары тууралуу төмөнкүдөй кыска маалымат таркатты. “Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *