Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 08.06.2023

Астана форумунда Садыр Жапаров сууну пайдалануу маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 8-июнда Казакстанда Астана эл аралык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Анын басма сөз кызматы анда климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан улам  "жашыл" экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу турмуштук зарылчылыктан улам келип чыкканын белгиледи". Жапаров "Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине... Читать дальше...

Бишкек: суу таңкыс болгон конуштарда сууга төлөм кайра эсептелет

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын суу таңкыстыгы жаралган конуштарында сууга төлөм кайра эсептелет. Бул тууралуу 8-июнда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди. Учурда тиешелүү мекеме-органдарга буга байланыштуу тапшырмалар берилгенин айтты. Шамыралиев бул канча абонентке тиешелүү болорун, төлөм канчага азаярын тактаган жок. Мунун алдында Жогорку тармактык комитети 8-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, Бишкектеги суу таңкыстыгын чечүү үчүн 150 милилон сом бөлүп берүүнү колдоду. Жыргалбек Шамыралиев... Читать дальше...

Бишкектеги суу көйгөйү: ЖК комитети 150 млн. сом бөлүп берүүнү колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 8-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, Бишкектеги суу таңкыстыгын чечүү үчүн 150 милилон сом бөлүп берүүнү колдоду. Депутат Марлен Маматалиев бул чечим эми өкмөткө жөнөтүлөрүн биллдирди. Мунун алдында парламентте Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев суу таңкыстыгын чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Жаңы суу топтомо жайларын курууга жер керектигин, учурда трансформациялоо маселесин чечүүгө аракет жасалып жатканын маалымдаган. Читать дальше...

Экс-министр Бейшеналиевдин кеңешчисин актаган сот өкүмү жокко чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешичи болуп иштеген Мээрим Тилекованын сот өкүмү өзгөртүлгөнүн бүгүн 8-июнда “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-майда облустук сот райондук соттун актоо өкүмүн жокко чыгарып, айыптоо өкүмүн чыгарды. Жети-Өгүз райондук соту быйыл 4-апрелде Тилекованы жана Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бейшекан Жайлымышеваны актаган өкүм чыгарган. Читать дальше...

“Эки суткадан бери кезерип турам”. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жаралды. "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде айдоочулар күндүн ысыгында 2-3 сутка кезек күтүүгө аргасыз экенин айтууда. Кыргызстандын чек ара кызматы буга айыл чарба продукциясынын экспорту жанданганы себеп болгонун билдирип, кыргыз тарап эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын кошумчалады. Казакстан бул тууралуу комментарий бере элек. Айрым серепчилер экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасында түзүлгөн келишим өтөсүнө жетпей калганын айтып... Читать дальше...

Мэрия: Бишкектеги суу таңкыстыгын жоюу үчүн 500 миллион сом керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 8-июндагы жыйынында Бишкек жана анын жака-белиндеги конуштардагы суу таңкыстыганан улам жаралган маселени чукул карап жатат. Анда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы суу топтогон жайлар курулушу керектигин, ага кеминде 500 миллион сом жумшаларын билдирди. Учурда жерлерди трансформациялоого байланыштуу иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтты. "Бизге "Башкарасуу" суу топтогон жайынын жанынан төрт гектар, "Сельский" суу топтогон жайынын жанынан дагы үч гектар... Читать дальше...

Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, эки адам мерт болду

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда Винсовхоз айылындагы чайканага толугу менен өрттөнүп, эки адам набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, чайкана күйүп жатканы тууралуу 8-июнга караган түнү, саат 2ден өткөндө маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, таңкы саат 5те толук өчүрүлгөн. "Өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар 1964-жылы туулган Ж.Т. менен 1936-жылы туулган Т.П. аттуу эки адамдын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп берди. Учурда өрттүн тутанган себебин иликтеп... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Бишкекте орус окуу жайларынын бөлүмүн ачууну сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарындагы сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар өз ара алака-катышты кеңейтүүнү сүйлөштү. "Мындан сырткары өкмөт башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн айда Орусиядагы расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Читать дальше...

Беларус: бийликти басып алуу кутумуна айыпталган Сапегага ырайым берилди

Azattyk.org 

Беларустун лидери Александр Лукашенко NEXTA оппозициялык басылмасынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы София Сапегага ырайым берди. Соттун чечими менен алты жылга соттолгон Сапеганы абактын оозунан Орусиянын Приморск крайынын башчысы Олег Кожемяко баштаган топ тосуп алды. Ал Телеграм-каналына Сапега ырайым ал ттууралуу Лукашенкого кайрылгандан кийин берилгенин, ал Оррусияга, атасына барарын жазды. Сапега апасы менен кичинекей кезинде Беларуска көчүп келгенге чейин Приморск крайында жашаган. Читать дальше...

Бишкекте тез татым жайларынын биринде тамактан 10 адам ууланды

Azattyk.org 

Бишкекте 7-июнда тез татым түйүндөрүндүн бириндеги тамактан он адам ууланды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти аталган жай текшерилгенин билдирди.  Анда жер-жемиштерди жана жумуртканы жууп-тазалоо эрежеси, дезинфекциялоо шарттары сакталбаганы белгилүү болду. Ошондой эле алынып келген азык-түлүктөрдүн документтерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Ошондой эле жумушчулардын айрымдарында медициналык күбөлүк болгон эмес. Мындан улам эки протокол толтурулуп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *