Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 12.06.2023

Бишкекте үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Бишкектеги үч кишинин, эне-балдардын өлүмүнө шек саналган жарандын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы 12-июнда “Азаттыкка” ырастады. Бул кылмыш иши борбор калаанын Октябрь райондук сотунда өндүрүшкө алынганын Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди. Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы... Читать дальше...

Чүй: Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча дагы бир адам кармалды

Azattyk.org 

11-июнда Аламүдүн районуна караштуу Луговое айылындагы калайман мушташка байланыштуу 25 жаштагы дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады. Милициянын маалыматына караганда, 10-июнь күнү кечинде Луговое айылындагы “Миг” дүкөнүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан. Ал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында Ленинское айылынын 31 жаштагы тургуну кармалып... Читать дальше...

Казакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдө

Azattyk.org 

Казакстанда 12-июнь - Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Семей токоюндагы” өрттөн каза болгон 14 токойчуну сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Алар каза болгондон кийин өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн “Курмет” ордени менен сыйланган. 11-июнда Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган Семей токоюндагы өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнүн сүрөтү менен жарыялаган. Читать дальше...

Статком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2023-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4% жогорулап 355 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети беш айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин билдирди. Мунун ичинен эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди - 53,8 %. Бирок бул өткөн жылдын беш айына караганда 1,4% аз. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 26,1% болду. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү 2023-жылы 3,9%... Читать дальше...

Кеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жатат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кемин районунун Орловка шаарында көлмөгө түшүп кеткен эки кишинин биринин сөөгү 11-июнда табылганын билдирди. Дагы бирин издөө иштери улантылып жатканын жана ага беш куткаруучу тартылганын кабарлады. Мекеме 10-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да бир адам Итагар суусуна түшүп кетип каза болгонун, сөөгү 11-июнда табылып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берилгенин кошумчалады. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арызданды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча №1 тергөө абагында жаткандар тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековго каршы арызданышты. Шектүүлөрдүн бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына чыккан билдирүүдө Улан Жапеков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткандарды бөлүп-жарууга аракет кылып жатканы жазылган. “7-июнда бир нече Кемпир-Абадчыларды (“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалгандар) СИЗОдон Тергөө башкармалыгына атайын чакырган эмес. Бирок Кемпир-Абадчылардын койгон талабынан кийин аларды... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *