Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 13.06.2023

Райондук сот активист Эмил Бекиевди алты жылга кести

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга жалпы түзөтүү колониясына кести. Мындай чечим 2-июнда сот отурумунда чыкканы Сот актыларынын сайтына жарыяланды. Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук... Читать дальше...

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Azattyk.org 

5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы "ал достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн", "жумушчу топтор эми Кыргызстанда чогуларын" билдирди. Жолугушуунун соңунда тиешелүү протоколго кол коюлган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Читать дальше...

Оштогу ЖМК өкүлдөрү журналист Исаковго кол көтөргөн адамды жоопко тартууну талап кылды

Azattyk.org 

Оштогу медиа коомчулук эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча кайрылуу таратып, бул окуяны сөз эркиндигине урулган сокку деп билдирди. Ондогон журналисттер кол койгон кайрылууда, Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы - журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку деп сыпатталып, бул ишти президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алуусун талап кылышты. "Бул кылмышты президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, кылмышка шектелип аткан... Читать дальше...

Кулубаев: Аскердик доктринага тышкы агрессия түшүнүгүн киргизиш керек

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна "тышкы агрессия" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. “Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл”, - деди Жээнбек Кулубаев. Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтүп жатат. Читать дальше...

Президент Жапаров жаңы Аскердик доктрина иштелип чыкканын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги жаңы Аскердик доктринасын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Садыр Жапаров маалымдап, аталган документти иштеп чыгууну жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Аскердик доктринанын мазмуну менен коргоо министринин орун басары - Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев тааныштырган соң, мамлекет башчы аны ишке ашырууну тапшырды. Жыйында берилген маалыматка ылайык, жаңы Аскердик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *