Курман айт 28-июнга белгиленди
Быйылкы Курман айт 28-июнда белгиленерин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады. Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт 21-апрелде белгиленген. Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 12-июнда башталган. Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учуп барат. Читать дальше...