Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 20.06.2023

Өзбекстандын мурунку биринчи айымы түрмөдөгү кызы менен жолугуша албай жатканын жазды

Azattyk.org 

Өзбекстандын мурунку биринчи айымы Татьяна Каримова социалдык тармакка түрмөдөгү кызы Гүлнара Каримова менен жолугушууга уруксат бербей жатышканын жазды. "Неберем Иманды 25 жашка толушу менен куттуктайм. Бактылуу жашоо, сүйүү, жакындарынын жана туугандардын мээримин каалайм. Тилекке каршы, бул күнү мага кызым Гүлнара менен жолугушуу үчүн КИН-21 аялдар абагына кирүүгө уруксат беришкен жок",-деп жазды Каримова 17-июнда Инстаграмдагыбаракчасына.    Социалдык түйүндүн колдоонуучуларынын көбү "эмне эксең... Читать дальше...

Парламенттик комитет Ботаникалык бак боюнча токтом аткарылган жок деген бүтүмгө келди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттин Бишкектеги Ботаникалык бак боюнча токтому аткарылган жок деген бүтүмгө келди. Бул маселе комитеттин 20-июндагы отурумунда каралып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов токтом аткарылганы тууралуу маалымат берди: “Ботаникалык бак академиялык макамдан айрылат экен, шаар мэриясы алып, курулуш болот экен деген реакция болду эле. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, ал жакка президент барып, жамааты менен сүйлөшүп, бак илимий институт катары калат деген чечим кабыл алынган. Читать дальше...

"Тыңчы" дегенден "өкүлгө" чейин. Талаштуу мыйзамга түшүндүрмө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова баштаган мыйзамчылар тобу бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” макамын берүү тууралуу мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Бирок документ каралбай жатып, отуздан ашык депутаттын беш-алтысы кайра авторлуктан баш тартты. Адистер талаштуу долбоор мурдагы “чет элдик тыңчы” мыйзамына окшош экенин, болгону андагы “тыңчы” деген сөз “өкүл” дегенге алмаштырылганын белгилешет. "Адилет" клиникасы талаштуу долбоор 10 жыл мурунку Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен кол топтолууда

Azattyk.org 

Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылып кол топтой баштады. "Биздин өлкө эркин бойдон калышы зарыл", - деген ураан менен башталган петицияда конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоо, Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоо чакырыгы жазылган. "Акыркы жылдары өлкөнүн кайрымдуу жана активдүү жарандары мыйзамсыз куугунтуктоолорго кабылып... Читать дальше...

Кыргызстанда миңден ашуун айылда таза суу көйгөйү чечиле элек

Azattyk.org 

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов Жогорку Кеңештин тармактык коммитетинин 20-июндагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп берүү каралган. "Бул айылдардын маселесин чечүүгө канча каражат керектиги долбоорлоо ишинен кийин гана аныкталат. Биз болжол менен 784 миллион долларга сунуш киргизгенбиз. Читать дальше...

Министрлер кабинети Бишкектеги ыш көйгөйүн талкуулады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда жылытуу мезгилинде Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу жана ышты алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат айтылды. Эгерде ЖЭБди жаратылыш газына өткөрсө, көмүрдү колдонуу 600 миң тоннага чейин кыскарат. Бишкек мэри Эмил Абдыкадыров... Читать дальше...

УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар "коррупциялык схема түзүүгө" шектелүүдө. Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп турган К.Т.К 15-июнда "Ак-Жол автожол" өткөрүү... Читать дальше...

Ташкентте көп кабаттуу үйдө лифт үзүлүп, 11 киши жаракат алды

Azattyk.org 

Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жүк ташуучу лифт үзүлүп, 11 киши жараат алды. Бул тууралуу 19-июнда Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсык 18-июнда саат 16:15те Янгихаят районундагы көп кабаттуу үйдө болгон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, адамдар түшүп бараткан лифт техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам ылдамдыгын кескин тездетип, биринчи кабатка жеткенде автоматтык түрдө авариялык токтотуу системасы иштеп кеткен. Өз кезегинде бул адамдарды оор жаракаттардан сактап калган. Читать дальше...

Түркия: муздаткычтан төрт түркмөн мигранттын сөөгү табылды

Azattyk.org 

18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары түркмөн аял, анын эки кызы жана дагы бир түркмөн жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү муздаткычтан табылганын жазууда. Түрк полициясы бир күндөн кийин бул үрөй учурган кылмышка шектүү катары  түркмөнстандык жаранды камакка алганы белгилүү болду. Жекшембиде Измир шаарынын Байраклы районундагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылганын жергиликтүү телеканалдар кабарлады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *