Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 21.06.2023

Төрөбаев: Жол курууга быйыл 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөт

Azattyk.org 

Быйыл жол курууга бюджеттен 6 млрд. сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 21-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы  техникаларды тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоого бюджеттен тийиштүү каражат бөлүндү. Быйыл республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган. "Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Читать дальше...

Шопоковдогу өрт: 95% күйүк алган кишинин абалы өтө оор

Azattyk.org 

Чүйдүн Шопоков шаарында мунай базасындагы өрттөн жабыркаган төрт кишинин биринин абалы өтө оор деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу 21-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди: “Жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген. Бирөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат, анын денесинин 95% күйгөн, жалпы реанимацияда жатат. Экинчисиники канааттандырарлык, аныкы денесинен 15% күйүк алган, дарылануусу уланууда. Читать дальше...

Казакстанда Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Казакстандын Акмоло облусундагы Державинск шаарынын аталалышы Кенесары деп өзгөртүлдү. Буга байланыштуу чечимди облустун Жаркайың районунун жашоочулары добуш берүү аркылуу кабыл алганын Qaz365.kz. агенттиги жазды. Жергиликтүү басылмалар шаардын аталышын өзгөртүүнү жашоочулардын көпчүлүгү колдогонун маалымдады. "Добуштар эсептелди, байкоочулар дагы болду. Добуш берүүгө 325 киши катталып, аларга 321 бюллетен берилди. Шаардын аталышын Кенесары деп өзгөртүүнү 192 адам колдогон, 125и "каршы" добуш беришкен. Читать дальше...

Парламент депутаттары Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүштү. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышты. Парламент спикери Нурлан Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди. "Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мыйзам... Читать дальше...

Министр Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө каражат бөлүнөрүн билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында, ЖЭБдин эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4,8 млрд. сомдой кошумча каражат талап кылынат. Учурда бул багытта "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен сүйлөшүү жүрүүдө. "Бул кошумча чыгым болот. Читать дальше...

Абактагы Кайрат Сатыбалдынын хансарайы Назарбаевге кантип өттү?

Azattyk.org 

Назарбаевдердин "ата конушу" саналган Алматыдан анча алыс эмес кооз жерде жайгашкан Үч-Коңур сыртындагы хансарайдын ээси алмашты. Казакстандын мурдагы президентинин иниси Кайрат Сатыбалды кыймылсыз мүлктү агасы Нурсултан Назарбаевге белекке берген. Белгилей кетсек, бул Сатыбалдынын үй-мүлкү конфискацияланып, абакка кесилгенден кийин болгон. Мүлктү өткөрүп берүү кандайча мүмкүн болду? Азыр Сатыбалдыга карата жаңы ишти тергеп жаткан Коррупцияга каршы кызмат эмне дейт? “Азаттыктын” казак кызматы айрым жагдайларды иликтеп көрдү. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *