"Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору 27-июнда комитетте каралат
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун шейшембиде, 27-июнда 1-окууда карайт. Парламенттин сайтындагы маалыматында комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасайт. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Читать дальше...