Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Казак полициясы: Журналисттерге каршы чагымчыл чабуулдардын координатору кармалды

0
Казак полициясы: Журналисттерге каршы чагымчыл чабуулдардын координатору кармалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги 28-февралда "журналисттерге каршы чагымчыл чабуулдардын координатору" кармалганы тууралуу билдирди. Мекеменин сайтында жарык көргөн маалыматка караганда, ИИМ менен Улуттук коопсуздук комитетинин биргелешкен тергөө-ыкчам тобу медианын өкүлдөрүнө кол салууларды уюштурган деп шектелген адамдардын ишмердүүлүгүн токтотууга жетишти.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин опузалоо, жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу, журналисттик ишмердикке тоскоол болуу, кимдир бирөөнүн мүлкүнө кол салуу, бейбаштык беренелери менен кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Министрлик кармалган киши хакер, О.Токарев аттуу чет элдик жаран экенин, жашаган жеринде техника табылганын жазды.

Мекеме кол салуулар Казакстандын президентине жана ал жүргүзүп жаткан «демократиялык реформаларга» көлөкө түшүрүүнү көздөгөн деп эсептейт.

Акыркы жарым жылда кошуна мамлекетте бир катар журналисттерге жана редакцияларга кол салуулар көбөйгөн.

  Журналисттер чабуулдарды кесиптик ишмердиши менен байланыштырып келишет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *