Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 01.03.2023

Медициналык камсыздандыруу үчүн канча төлөнөт?

Azattyk.org 

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү-толуктоолор кирди. Ага ылайык калктын айрым катмары эми медициналык камсыздандыруу үчүн акча төлөй баштамакчы.

Темир жол кырсыгынан кийин Грекиянын транспорт министри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Кеминде 36 кишинин өмүрн алган темир жол кырсыгынан кийин Грекиянын транспорт министри Костас Караманлис кызматтан кетүү тууралуу арыз  жазганын билдирди. Министр отставкага кетүү анын милдети экенин жана "муну менен каза тапкандардын элесин урматтоо үчүн эң аз нерсе кыла аларын" айтып, мамлекеттин "көп жылдардан берки кемчиликтери" үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын кошумчалады. Кырсык болгон жерге өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакисти коштоп барган министр каргашалуу окуянын себептерин толук иликтөөнү убада кылган. Читать дальше...

Министр Амангелдиев: Азыр "Аманат" жок

Azattyk.org 

“Аманат” холдингин түзүү маселеси өкмөттүн азыркы күн тартибинде жок экенин 1-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Жыйында мамлекеттик мүлктү башкаруу маселесине байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды.  “Азыр “Аманат” жок. Эки комитеттен өткөндө каршылык чыккандан кийин толугу менен ошону эске алып... “Аманат” азыр жок. Программада жок” – деди Амангелдиев. 2022-жылдын 11-майында президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду... Читать дальше...

"Оппозиция эмес, өнөктөш катары караш керек". Бейөкмөт уюмдардын өнүгүүгө кошкон салымы талкууланды

Azattyk.org 

Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы талкууланды. Уюштуруучулар коомдо бейөкмөт уюмдарды саясат менен гана байланыштырган туура эмес түшүнүк бар экенин, алардын айыл-аймактарга, экономикага кошкон салымы эске алынбай жатканын айтышты. Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушууда адам укугу, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу маселе көтөргөнү белгилүү болду. Бейөкмөт уюмдардын салымы Жумабек Ибраимжан уулу... Читать дальше...

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча британиялык ишкана менен меморандум түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча британиялык ишкана менен меморандум түздү. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясынын директору Роберт Битхард кол коюшту. Эки тарап тил табышып, долбоорду ишке ашырууга киришсе төрт гидроэлектростанция курулат. Алар – Ак-Булуң жана Нарын-1,2,3 ГЭСтери. Жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс болот. Министр Ибраев электр энергиясын колдонуучулар күн санап көбөйүп жатканын... Читать дальше...

"Свобода" радиосунун түптөлгөнүнө 70 жыл болду

Azattyk.org 

1-мартта «Эркин Европа/Азаттык радиосунун” орус кызматы - “Свободанын” 70 жылдыгы белгиленүүдө. Ал кезде “Освобождение” деп аталган радионун алгачкы программасы 1953-жылдын 1-мартында Мүнхенден обого чыккан. 1959-жылы радио аталышын өзгөрткөн. “Кансыз согуш” маалында СССРдеги угармандарга советтик тарыхтын жана ал кездеги реалдуулуктун коомчулуктан жашырылган жана расмий маалымат каражаттарында чагылдырылбаган фактыларды, коммунисттик режимге каршы чыккан адамдардын жана уюмдардын ишмердүүлүгү... Читать дальше...

Башкы прокуратуранын ордуна салына турган имарат долбооруна сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Мурда Башкы прокуратура жайгашкан жерге салына турган жаңы имараттын долбооруна ачык сынак жарыяланды. Имаратты Бишкек мэриясынын электрондук аукционун утуп алган «Шаако» ишканасы курмай болууда. Ишкананын жетекчилиги бүгүн 1-мартта маалымат жыйын куруп, мэрия менен түзүлгөн келишимге ылайык жер тилкесин беш жылга ижарага алып жатышканын, бул үчүн жалпысынан 30 миллион сом төлөп бере турганын, курулган имараттын аянтынын 10% мэриянын балансына бекер өткөрүлүп берилерин билдирди. Ал жер Бишкектин... Читать дальше...

Мектеп директорлорунун жана орун басарларынын айлыгы 50% жогорулайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын айлыгын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди. Иманалиевдин айтымында, алардын айлыгы 50% жогорулайт. Бул үчүн өкмөттө 481 миллион сом акча каражаты каралып жатат. Былтыр апрель айында Кыргызстанда мугалимдин, дарыгердин жана маданият кызматкеринин айлык акысы көбөйгөн. Мугалим мурдагыга караганда эки эсе көп акча ала баштаган. Читать дальше...



Блинкен Каракалпакстандагы кан төгүүнү иликтөө маанилүү экенин айтты

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шаршембиде Өзбекстандагы сапарынан кийин «Чоң Жыйырманын» саммитине катышуу үчүн Индияга жол тартты. Ташкентте америкалык башкы дипломат Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиер Саидов менен жолукту. Вашингтондун өкүлү июль айында Каракалпакстанда болгон тополоңдо тартип коргоо органдары тарабынан адам укуктарын бузуу тууралуу айыптоолорду толук жана ачык иликтөө маанилүү экенин Ташкенттеги кабарчыларга билдирди. Читать дальше...

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөргө өкүм чыкты

Azattyk.org 

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын өлүмүнө айыпталгандарга өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, бири 28-февралда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды, экинчиси (кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болчу) 7-февралда он жылга кесилди. Ишти Кадамжай райондук соту карады.  Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24... Читать дальше...

Бабур театрынын тумары Айтажи Шабданова

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова ата-энесинин каршылыгына карабай театр дүйнөсүнүн эшигин ачып, 17 жашында Оштогу Бабур театрынын жамаатына кошулат. 60 жылдык чыгармачылык өмүрүндө Кыргызстанга да, Өзбекстанга да таанылган. Таанымал актриса 2022-жылы дүйнө салды.

Алгачкы Сот адилеттиги үйү Караколдо ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы алгачкы Сот адилеттиги үйү Караколдо ачылды. Мекеменин ачылыш аземине бүгүн 1-мартта президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө сот адилеттигин камсыз кылууда ачык-айкындуулук эң маанилүү иштердин бири экенин, ошондуктан имараттын сот залдары санарип техника менен жабдылганын айтты. Буга чейин чек арачы аскерлер үчүн казарма катары пайдаланылып келген беш кабат имаратта оңдоп-түзөө иштери 2021-жылы башталган. Эми анда Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык... Читать дальше...

Түркияда президенттик, парламенттик шайлоо 14-майда өтүшү ыктымал

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майда өтүшү мүмкүндүгүн ишарат кылды. 45 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган катуу жер титирөөдөн кийин шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы ыктымал деген божомолдор айтылып келген. «Кудай буюрса 14-майда элибиз өз тандоосун жасайт”, - деди Эрдоган парламентте башкаруудагы АК партиясынын депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө. Табигый кырсыкка чейин Эрдогандын бедели экономикалык каатчылыктан, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам түшүп кеткен. Читать дальше...

ЕЭКке Мамыткановдун ордуна Алишеров министр болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕЭК) министри Максат Мамытканов кызматтан алынып, анын ордуна Элдар Алишеров дайындалды. Маалымат ЕЭКтин сайтында 1-мартта жарыяланды. Алишеров бул кызматта бажы маселелерин координациялайт.  Ал 1985-жылы туулган. 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген. 2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган. 2014-2017-жылдары өкмөттүн аппаратында, 2018-2022-жылдары... Читать дальше...

Иранда депутат окуучу кыздардын табышмактуу ооруга чалдыкканын иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Иран парламентинин депутаты кеминде 15 шаарда студент кыздар ооруп, акыркы айларда бир тобу ооруканага жаткырылды деген маалыматтарды моюнга алды. Абдулали Рахими Мозафари бул кабарды 28-февралда Иран парламентинин жыйынында козгоп, спикерден маселени иликтөө буйругун берүүнү суранды. Ошол эле күнү эки журналист Тегеранда жана баш калаанын чыгышындагы Пардис шаарларында бир нече окуучу кыз белгисиз себептерден ооруп калганын социалдык тармактарга жазышты. Биринчи андай окуя болжол менен былтыр ноябрда катталган. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин кабарлашынча, 2-мартта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17; Талас дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 13…18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градуска чейин жогорулайт. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн 1-мартта Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдугун берди. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Иманалиев министр катары биринчи кезекте мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кыларын, буга мектеп гана эмес, ата-энелер, коом жардам бериши зарылдыгын айтты. Министрлик кызматка талапкерлигин президентке парламент төрагасы Нурланбек Шакиев сунуш кылганын билдирди. Иманалиев билим... Читать дальше...

Бишкек: конуштарды мыйзамдаштыруу оңой эмес

Azattyk.org 

Кыргызстанда жер мунапысы тууралуу жобо чыккандан бери 86 миңге чукул адам арыз жазып, үй салып алган жерлерин мыйзамдаштырууну көздөп жатат. Учурда миң кишинин колуна менчиги тууралуу документ тийген. Өкмөт эки жылда турак жайга кызыл китеп берүү жараянын соңуна чыгара алабы?

Орусиянын газ-мунай экспортунан түшкөн кирешеси дээрлик 40% азайды

Azattyk.org 

Орусиянын мунай жана газ экспортунан түшкөн кирешеси январда былтыркы ушул эле ай менен салыштырганда дээрлик 40% азайды. Бул тууралуу Reuters Эл аралык энергетика агенттигине таянып жазды. Маалыматта мунун себеби Батыштын санкциялары жана баалардын чектелиши менен түшүндүрүлгөн.  Агенттик быйыл январда мунай менен газдан Орусиянын казынасына 18 жарым млрд. доллар түшкөнүн маалымдады. Былтыр ушул эле мөөнөттө 38% көбүрөөк каражат болчу. “Мунай базарын турукташтыруу жана Орусиянын мунай-газ... Читать дальше...

Гарварддын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын мектеп директорлорун окутушат

Azattyk.org 

Мектеп директорлорун иштин заманбап ыкмаларына үйрөтүүгө дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларын аяктаган ыктыярчы адистер тобу даяр экенин 1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри кызматына сунушталган Каныбек Иманалиев билдирди. Иманалиевдин айтымында, алар жума сайын жолугушуу өткөрүп, бир жыл иштеп беришет: “Дүйнөдө Teach For All деген программа бар. Алардын өкүлдөрү келди. Эки жылда 300дөй мектеп директорун тез курстан өткөрүп, жаңы тажрыйбаны үйрөтүүгө даяр. Алар ыктыярчылар. Эгер айыл өкмөттөрү... Читать дальше...

Пакистандын соту экс-премьер-министр Ханды камакка алуу чечимин чыгарды

Azattyk.org 

Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Имран Ханды камакка алуу ордерин чыгарды. Ага мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда. Исламабад сотунда ишти карап жаткан судья Ханга сотко келүү мүмкүнчүлүгү кайра-кайра берилгенин, бирок ал келбей койгонун билдирди. Судья Зафар Икбалдын айтымында, ушундан улам аны камакка алуу чечими кабыл алынды, экс-премьерге күрөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилбейт. Хандын адвокаты соттон отурумду беш күнгө жылдырууну суранды... Читать дальше...

ЖККУнун Уставын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Уставын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам бүгүн 1-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, протоколго былтыр август айында кол коюлган. Ага ылайык, уюмдун Уставы “ЖККУга мүчө өлкөлөр биологиялык коопсуздук жаатында да кызматташат” деген норма менен толукталат. Талкуу учурунда депутат Гүлшаркан Култаева биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү... Читать дальше...

Кыргызстан биологиялык коопсуздук жаатында Орусия менен тыгыз кызматташканы жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан биологиялык коопсуздук боюнча концепция даярдап, бул жаатта Орусия менен тыгыз кызматташканы жатат. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев билдирди. Депутат Гүлшаркан Култаева биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында кандай жумуштар жасалып жатканына кызыкты. Асеин Исаев бул боюнча компетенттүү мекеме Саламаттык сактоо министрлиги экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: “ЖККУ ичинде бул багытта эң өнүккөн өлкө Орусия экен. Читать дальше...

"Жытына араң чыдайсың". Таштанды талаасындагы тагдыр

Azattyk.org 

Бишкектин таштанды полигону жайдыр-кыштыр түтөп, тегерегиндеги төрт конушка ыш тарайт. Бул конуштардын арасынан полигонго эң жакыны - Алтын-Казык конушу. Мындагы үйлөр санитардык зонада курулгандыктан, мыйзамсыз курулуш деп эсептелет. Конуштун тургундары - ички мигранттар.

Өзүнө өрт койгон адам ооруканада көз жумду

Azattyk.org 

Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон адам ооруканада каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 1-мартка караган түнү Тез жардам клиникалык ооруканасында өзүнө келе албай көз жумду. Окуя 28-февралда Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген. Өзүнө өрт койгон адам 44 жашта болгону, денесинин дээрлик 80% күйүп калганы маалымдалды. Мындай кадамга аны кайсы жагдай түрткөнү тууралуу азырынча комментарий бериле элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *