Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Талибдер "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жогорку өкүлү жок кылынганын билдирди

0
Талибдер

“Талибандын” басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 27-февралда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жогорку өкүлдөрүнүн бири жок кылынганын билдирди.

Шейшембиде тараган маалыматка ылайык, уюмдун чалгын кызматынын жетекчиси Кари Фатех дагы бир согушкер менен чогуу Кабулдагы рейд маалында өлтүрүлгөн.

Мужахид “Ислам мамлекетинин” дагы бир жетекчиси Ияз Амин Ахингар ушул айда жок кылынганын кошумчалады.

Уюмдун жергиликтүү канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Талибандын” атаандашы болуп эсептелет. Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери ал жоочулар Ооганстанда чабуулдарын күчөттү.

Мужахид буга чейин 27-февралга караган түнү болгон рейд “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ооган башкалаасында кол салуу уюштурууну көздөгөн согушкерлерин бутага алганын билдирген.

Экстремисттик уюм окуяны комментарийлей элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *