Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Коргоо министрлиги: Кыргыз армиясында чоңсунуу деген жок

0
Коргоо министрлиги: Кыргыз армиясында чоңсунуу деген жок

Коргоо министрлиги бүгүнкү күндө кыргыз армиясында чоңсунуу (“дедовщина”) деген көрүнүш жок деп эсептейт. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди:

“Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартипти бузуулар болуп жатат, тилекке каршы. Коргоо министрлигинде тарбия боюнча башкармалыктын башчысы соң жумуштарды жүргүзүп жатат”.

Депутаттар армиядагы өлүм окуялары боюнча да сурап, соңку бир жылда канча факт катталганына кызыгышты. Карасартов аскерлердин өз өмүрүнө кол салуусу “үй-бүлөлүк шартына байланыштуу” болгонун айтып, каза болгон жоокерлердин командирлери жоопко тартылганын билдирди, бирок канча факт катталганын айткан жок.

Аскер кызматын өтөп жатып каза болгондор Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен, алар чоңсунуунун курмандыгы болгонун айтышкан. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *