Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

0
Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядан жардам катары 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келгенин 28-февралда билдирди. 1-мартта Бишкектеги эски аянттан техниканы салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы өтөт.

Өрт өчүрүүчү машинелер эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилгени айтылды.

1-февралда президент Садыр Жапаров Кытайдан грант катары келген 100 техниканы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырган.

Анын 85и өрт өчүрүүчү автоунаалар. Куткаруучу 10 машине, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу эки автобус, 50 метрлик үч автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, тик учакка илинүүчү 2-3,5 тонналык беш суу челеги бар. Алар өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилмей болгон. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *